Мазмунун көрсөтүү

28-СЕНТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусиянын соту JW Library тиркемесин колдонууга тыюу салган чечимге байланыштуу доо арызды канааттандырган жок

Орусиянын соту JW Library тиркемесин колдонууга тыюу салган чечимге байланыштуу доо арызды канааттандырган жок

2021-жылдын 27-сентябрында Санкт-Петербург шаардык соту доо арызды четке кагып, 2021-жылдын 31-мартында чыгарылган төмөнкү инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды. Ал чечимге ылайык, JW Library тиркемеси экстремисттик деп жарыяланып, аны бүтүндөй Орусия Федерациясынын аймагында жана Крымда колдонууга тыюу салынды. Соттун чечими дароо эле мыйзамдуу түрдө күчүнө кирди.