2-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ
Орусиянын соту JW Library тиркемесин колдонууга тыюу салды
2021-жылдын 31-мартында Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту JW Library тиркемесин экстремисттик деп жарыялап, Орусия Федерациясынын жана Крымдын аймагында колдонууга тыюу салды. Соттун чечими дароо эле күчүнө кирди. Тиркемеге бөгөт коюлгандыктан, колдонуучулар анын жакшы иштебей баштаганын байкашкан. Бул чечимге каршы доо арыз жазылат.