29-ИЮНЬ, 2022
ОРУСИЯ
Орусия Европа сотунан чыгып кетти
2022-жылдын 11-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн мыйзамдарына эки өзгөртүү киргизди: Адам укуктары боюнча Европа сотунун (АУЕС) 2022-жылдын 15-мартынан баштап чыгарган чечимдери Орусия Федерациясынын аймагында аткарылбайт деп чечилди. Бул чечим АУЕСтин 2022-жылдын 7-июнунда Орусияга каршы чыгарган чечимине да тиешелүү. АУЕС Орусияны Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салганын мыйзамсыз деп тапкан. Андан тышкары, Орусияны ишенимдештерибизди куугунтуктаганын токтотууну, ишеними үчүн түрмөдө отургандарын эркиндикке чыгарууну, тартып алган бардык мүлктү кайтарып берүүнү же анын ордуна 59 миллиондой евро (же 63 миллион АКШ долларын) төлөп берүүнү милдеттендирген болчу.
Европа Кеңешинин министрлер кабинети ушул Кеңешке кирген өлкөлөрдүн АУЕСтин чечимдерин сыйлап, кулак кагууга тийиш деп эсептейт. Орусия Европа Кеңешине 1996-жылдан бери мүчө болуп келген.
2022-жылдын 15-мартында Орусия Европа Кеңешинен өз эрки менен чыгарын жарыялады. Эртеси күнү эле Европа Кеңеши Орусияны расмий түрдө чыгарып салды. Орусия Европа Кеңешинин Уставына анын чечимдерине 2022-жылдын 16-сентябрына чейин баш ием деп кол коюп берген болчу. Европа Кеңеши Орусияны ушул талапты аткарууга милдеттүү экенин билдирди.
Орусия АУЕСтин чечимине баш ийбейбиз деп өзгөрткөн эки мыйзам 2022-жылдын 7-июнунда кабыл алынган. Кызыктуусу, ошол эле күнү АУЕС Орусиядагы боордошторубуздун пайдасына тарыхый чечим чыгарган.
АУЕСтин Орусиядагы боордошторубуздун пайдасына чыгарган тарыхый чечими Европа Кеңешине кирген 46 өлкөнүн баарына таасир этет. Бул чечим Жахабанын Күбөлөрүнө байланыштуу ошол өлкөлөрдөгү жергиликтүү соттордо каралган иштерине чоң таасир этет. Андан да маанилүүсү, ал чечим Жахабанын Күбөлөрүнүн караланган жакшы атын актап, эч кандай негизи жок коюлган айыптарды, жалган жалааны жокко чыгарды. Дүйнө жүзүндөгү калыс байкоочулар үчүн сот майданындагы бул жеңиш Жахаба жана анын улуу ысмын даңктаган укмуштуудай күбөлөндүрүү болду. Бул жеңиш үчүн Жахаба Кудайыбызга алкыш айтабыз! (Забур 83:18)