Мазмунун көрсөтүү

Каржы көзөмөлдөө федералдык кызматынын башкы башкармалыгы

13-ЯНВАРЬ, 2023
ОРУСИЯ

Орусия дагы деле жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрүнө экономикалык жактан чектөөлөрдү коюуда

Орусия дагы деле жүздөгөн Жахабанын Күбөлөрүнө экономикалык жактан чектөөлөрдү коюуда

Орусиядагы Каржы көзөмөлдөө федералдык кызматы экстремисттик деп табылган уюмдарды каржылоо сыяктуу финансылык кылмыштарга каршы күрөшүүгө жооптуу болгон мамлекеттик мекеме болуп саналат. Ал экстремисттик же террордук деп эсептелген иштерди кылган кишилерди экстремисттердин же террористтердин атайын тизмесине киргизет. Атүгүл кимдир бирөөнүн айыбы сотто далилденбесе да, ал тизмеге киргизилиши мүмкүн.

2017-жылы Орусия Федерациясынын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салгандан тартып ошол тизмеге 525 ишенимдешибиздин аты-жөнү киргизилген. a Алардын 100дөн ашууну улгайган бир туугандарыбыз.

Экстремисттердин тизмесине киргизилгендерге экономикалык жактан көп чектөөлөр коюлат. Мисалы, алардын банк эсеби тоңдурулат. Үй-бүлөнүн бир мүчөсүнө өзүнүн эсебинен айына болжол менен 10 000 рублдан (137 АКШ доллары) көп акча чыгарганга болбойт. Ошондой эле дагы башка көптөгөн чектөөлөр коюлгандыктан, аларга кадимки иштерди аткаруу да аябай кыйын же мүмкүн эмес болуп калды. Алсак, кыймылсыз мүлк же унаа сатып алуу же сатуу, камсыздандыруу алуу, жумушсуздук боюнча төлөмдөрдү, мурасты же насыя алуу сыяктуу иштер чоң көйгөйлөр менен коштолот. Ардактуу эс алууга чыккан же мүмкүнчүлүктөрү чектелген бир туугандарыбызга өзгөчө оор болууда. Анткени дарыланууга акчасы жетпейт. Ошондой эле коомдук унааны колдонуудагы жеңилдиктер алынып салынган.

2019-жылы Уссурийсктен болгон Антон Чермных да экстремисттердин тизмесине киргизилген. Ал мындай дейт: «Айлыгымды алыш үчүн акчаны мыйзамдуу жол менен тапканымды ай сайын далилдешим керек. Банкка толтура документтерди алып барам. Ал жерде иштегендер аларды сканерлеп, Москвага жөнөтүшөт. Андан ары документтерим эки жума текшерилет. Белгиленген күнү банкка барганымда, банк эсебимден акчамды чыгарып мага бергенден кийин, эсебимди дароо тоңдуруп салышат. Банкка жаңы жумушка орношкондор экстремисттердин тизмесинде экенимди билишкенде менден коркуп, оолакташат».

Ушул кыйынчылыктарга карабай ишенимдештерибиз оң маанай сактап келишет. 6 жылга шарттуу соттолгонго чейин эки жарым жыл мурун тизмеге киргизилген Юрий Белослудцев мындай деп айткан: «Биздин банк эсебибиз тоңдурулган. Бирок жубайым экөөбүзгө ишенимдештерибиз колдоо көрсөтүп жатышты. Бул үчүн Жахабага миң мертебе ыраазыбыз».

Жахаба Орусиядагы адилетсиздикке кабылып жаткан ишенимдештерибизди көрүп турат. Ал аларга мындан ары да ушул кыйынчылыкка туруштук бергенге жардам беришин сурап тиленип турабыз. Ошондой эле кам көрө береринен кымындай да шектенбейбиз (Матай 6:33).

a 2022-жылдын декабрында 35 ишенимдешибиз жазасын алгандан кийин же айып пул төлөгөндөн кийин экстремисттердин тизмесинен өчүрүлгөн.