Мазмунун көрсөтүү

Анатолий Токарев уулу Андрей, жубайы Маргарита жана кызы Екатерина менен

8-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусия соту Анатолий Токаревди үч жарым жылга кесиши мүмкүн

Орусия соту Анатолий Токаревди үч жарым жылга кесиши мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 23-октябрында a Киров шаарынын Октябрь райондук соту Анатолий Токарев деген ишенимдешибиздин ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Ал үч жарым жылга кесилиши ыктымал.

Жеке маалымат

Анатолий Токарев

  • Туулган жылы: 1958 (Барановская кыштагы, Киров облусу)

  • Кыскача таржымалы: Апасы жалгыз чоңойткон. Ардактуу эс алууга чыкканга чейин инженер-программист болуп иштеген. Фотосүрөт тартканды, шахмат ойногонду, кыяк черткенди жакшы көрөт. Жубайы Маргарита экөө 1979-жылы баш кошушкан. Бир уул, бир кызы бар.

  • Илимге кызыккандыктан мурда көз карашына бекем карманган атеист болгон. 27 жашында Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ошонун аркасында Ыйык Китептеги окуулар илимге каршы келбей турганын түшүнгөн.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 24-майында Орусиянын экстремизмге каршы күрөшкөн башкы башкармалыгынын кызматкерлери Анатолийдин үйүн тинтишкен. Анан ага кысым көрсөтө башташкан. Эгер ал «экстремисттик» иштерге катыштыгы бар экенин моюнга албаса, үй-бүлөсү куугунтукталарын айтып коркутушкан. Андан соң аны суракка алыш үчүн алып кетишкен.

Дээрлик 5 айдан кийин аны Орусия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренесинин негизинде кылмышкер деп табышкан. Алсак, ага экстремисттик уюмду каржылаган жана ал уюмдун иштерине катышкан деген айып коюлган. Айыптоочу Анатолийдин «экстремисттик» адабияттарды колдонуп, жолугушууларды өткөргөнүн далилдеш үчүн анын үйүнөн жашыруун жаздырылган аудиожаздырууларды колдонгон.

Биз Анатолий бир тууганыбыз жана анын үй-бүлөсү үчүн тиленип турабыз. Жахабанын аларга «берилгендик көрсөтөрүнөн» эч шектенбейбиз (Забур 18:25).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн