Мазмунун көрсөтүү

26-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Орусия соту Галина Паркованы шарттуу соттоду

Орусия соту Галина Паркованы шарттуу соттоду

2021-жылдын 26-январында Ростов-на-Донудагы Ленин райондук соту Галина Паркованы айыптуу деп таап, 2 жыл 3 айга шарттуу соттоду. Бирок ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Соттун алдында айткан акыркы сөзүндө ал кайраттуулук менен мындай деген: «Кудайга ишенген адам катары эмне үчүн мындай кыйынчылыктарга кабылып жатканымды жакшы түшүнөм. Мырзам Иса Машаяк ушундай болорун алдын ала айткан. Жакан 15-бөлүм, 20-аятта ал: „Кул кожоюнунан жогору эмес. Эгер мени куугунтукташса, силерди да куугунтукташат“,— деген.

Эгер адамдарды айыктырган, курсагын тойгузган, аларга Атасы жөнүндө, келечекте орной турган Падышалык жөнүндө айтып берген Иса Машаякты куугунтукташса, анын жолдоочулары да куугунтукталмак. Чынында, куугунтукталганымдын аркасында ишенимим ого бетер бекемделди. Мен өзүмдүн туура жолдо жүргөнүмө кымындай да шектенбейм!»