Мазмунун көрсөтүү

28-ИЮЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусия соту Евгений Спиринди 6 900дөн ашык долларды түзгөн айып пул төлөгөнгө милдеттендирди

Орусия соту Евгений Спиринди 6 900дөн ашык долларды түзгөн айып пул төлөгөнгө милдеттендирди

2020-жылдын 28-июлунда Иванов облусунун Фурманов шаардык соту Евгений Спиринге каршы өкүм чыгарды. Айыптоочунун аны 7 жылга эркинен ажыратууну талап кылганына карабай, сот Спиринге 500 000 рубль (6 920 АКШ доллары) айып пул салды. Евгений бир тууганыбыз бул өкүмгө карата даттануу тапшырганы жатат.