Мазмунун көрсөтүү

16-ДЕКАБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Орусия соту Юрий Савельевди алты жылга эркинен ажыратты

Орусия соту Юрий Савельевди алты жылга эркинен ажыратты

2020-жылдын 16-декабрында Новосибирсктеги Ленин райондук соту Юрий Савельевди алты жылга түрмөгө кести. Ошентсе да ал ишенимдешибиз туруктуулугунан жазбай, Ыйык Китептеги пайгамбарлыктарды изилдеп, кайратын чыңдоодо.

9-декабрда сот алдында айткан соңку сөзүндө эр жүрөктүк менен кабар айтты. Ал отургандардын баарына мындай деди: «Иса Машаяк алдын ала айткан пайгамбарлык силердин көз алдыңарда аткарылып жатат. Анын сөздөрү Ыйык Китептеги Марк 13:9да жазылган. Ал аятта: „Силер болсо сак тургула. Менин шакиртим болгонуңар үчүн, силерди сотко беришет, синагогаларда уруп-сабашат, башкаруучулар менен падышалардын алдына алып барышат; бул аларга күбөлөндүрүшүңөр үчүн болот“,— делет».