12-ИЮЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
Орусия өкмөтү Дмитрий Теребиловдун түрмөдө чогуу отурган кишиге Ыйык Китепте жазылгандарды айтканын кылмышка теңеди
2023-жылдын 20-апрелинде Орусиянын бийлик өкүлдөрү Дмитрий Теребиловго каршы жаңы кылмыш ишин козгошту. Ал ишенимдешибиз 2021-жылдын сентябрынан бери түрмөдө болчу. Ал өзү менен чогуу түрмөдө отурган киши менен Ыйык Китепте жазылгандар жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн кылмышкер катары айыпталып отурат. Орусия өкмөтү 2017-жылы Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишине тыюу салгандан бери мындай биринчи жолу болуп жатат. Эгер ал ага каршы козголгон ушул жаңы иш боюнча айыптуу деп табыла турган болсо, буга чейинки үч жылдык мөөнөтүнө дагы сегиз жыл кошулушу мүмкүн.
Ооба, Орусияда куугунтук күчөгөндөн күчөп баратат. Бирок биз Жахабанын ал жактагы ишенимдештерибизге «адаттан тышкаркы күчүн» берип, колдой береринен кымындай да шектенбейбиз (2 Корунттуктар 4:7).