Мазмунун көрсөтүү

78 жаштагы Калерия Мамыкина бир тууганыбызга Жахабанын Күбөсү болгону үчүн кылмыш иши козголгон

2019-ЖЫЛ, 26-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Орусия өкмөтү улгайып калган Жахабанын Күбөлөрүн, анын ичинде 70тен ашып калгандарын бутага алууда

Орусия өкмөтү улгайып калган Жахабанын Күбөлөрүн, анын ичинде 70тен ашып калгандарын бутага алууда

Пермде жашаган 78 жаштагы Борис Бурылов бир тууган «экстремист» катары айыпталган

2019-жылдын май айында Архангельск жана Волгоград облусунун бийликтегилери тарабынан улгайып калган эки ишенимдешибизге каршы кылмыш иши козголгон. Жогоруда көрсөтүлгөн 78 жаштагы Калерия Мамыкина менен 71 жаштагы Валентина Махмадгаева Жахабанын Күбөлөрү болгону үчүн эле «экстремист» катары айыпталышкан.

2018-жылдын апрелинде Владивосток шаарынын бийликтегилери башка төрт ишенимдешибиз менен бирге 84 жаштагы Елена Зайщук бир тууганга да кылмыш ишин козгошкон. Азыркы тапта Орусияда Кудайга тынчтык жолу менен сыйынганы үчүн кылмышкер катары айыпталган, 70тен ашып калган ишенимдештерибиздин саны 10го жетти.

Ал бир туугандарыбыздын эч бири камакка алынбаса да, бул жагдайдан улам алардын абдан сарсанаа болуп жатканы шексиз. Эгер тергөө иши андан ары улантылып, сот аларды күнөөлүү деп тапса, аларга чоң айып пул салынышы же түрмөгө камалышы мүмкүн.

2019-жылдын 17-июнундагы эсептөөгө ылайык, Орусияда кылмышкер катары айыпталган бир туугандарыбыздын жалпы саны 215ке жетти. Ал сан дагы деле өсүп жатат. Келгиле, Орусиядагы ишенимдештерибиз үчүн, мүмкүн болсо, ар биринин атынан атап тиленип туралы. Жахабанын аларды «даңктуу кудуретине ылайык зор күч менен бекемдеп», «акырына чейин чыдамкайлык, кубаныч менен туруктуу болууга» жардам береринен эч шектенбейбиз (Колосалыктар 1:11).