Мазмунун көрсөтүү

2019-жылдын июлунда рейд жүргүзүлгөн Нижний Новгороддогу 31 үйдүн бирин көздөй бараткан, колуна барскан, курал-жарак көтөргөн коопсуздук кызматкерлери

2019-ЖЫЛ, 7-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 600дөн ашуун үйүнө рейд жүргүздү

Полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн 600дөн ашуун үйүнө рейд жүргүздү

Акыркы 18 айдын ичинде Орусияда жергиликтүү полиция менен Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) бир туугандардын 613 үйүнө рейд жүргүздү. 2019-жылдын январь айынан бери рейд жүргүзүлгөн үйлөрдүн саны 332ге жетип, 2018-жыл бою рейд жүргүзүлгөн үйлөрдүн санынан ашып түштү. Былтыр бийликтегилер 281 үйдү тинтишкен болчу.

Акыркы айларда ишенимдештерибиздин үйлөрүнө жүргүзүлгөн рейддердин саны кыйла өстү. Бийликтегилер июнь айында 71 үйдү, ал эми июль айында 68 үйдү тинтишкен. Бул рейддердин саны 2018-жылдагыга салыштырганда аябай эле көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Өткөн жылы бир айдын ичинде болжол менен 23 үйгө рейд жүргүзүлүп турган.

Коопсуздук кызматкерлери Нижний Новгороддогу үйгө рейд жүргүзүп жатышат

Адатта, коопсуздук кызматкерлери беткап кийип, курал көтөрүп алып үйгө же батирге жабыла кирип келишет. Анан ичкери киргенден кийин Жахабанын Күбөлөрүнө, анын ичинде балдарга, кары-картаңдарга, алар коркунуч туудурган кылмышкер болгонсуп, бетине курал такашат. Ошондуктан көптөгөн адистер Байлор университетине караштуу Ж. М. Доусон атындагы чиркөө-мамлекеттик изилдөөлөрдү жүргүзгөн институттун мурунку деректиринин айткандарына кошулуп жатканы бекеринен эмес. Ал: «Орусиянын тынчтыкка умтулган Жахабанын Күбөлөрү сыяктуу жарандарды катуу куугунтуктап жатканы аша чапкандыкка жатат»,— деген.

Өкүнүчтүүсү, рейддердин саны өскөн сайын, бир туугандарга каршы козголгон кылмыш иштери да көбөйүп жатат. Учурда Орусиядагы жана Крымдагы 244 бир тууганга каршы кылмыш иши козголгон. Бул 2018-жылдын декабрынан бери кылмыш иштеринин эки эсеге көбөйгөнүн көрсөтүп турат. Ага чейин алардын саны 110 болчу. Куугунтукталып жаткан 244 бир туугандын 39у тергөө камак жайында, 27си үй камагында отурат. Ал эми дагы башка 100дөн ашуун бир тууганга ар кандай чектөөлөр коюлган.

Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн ишенимдештерибизди бутага алып жатканын көрүп «олку-солку болбойбуз». Тескерисинче, бир туугандардын берилгендик, туруктуулук сактап жатканы жөнүндөгү билдирүүлөр бизди абдан бекемдөөдө. Жахабанын алар үчүн тиленгенибизде, үнүбүздү угуп, жооп берип жатканына абдан ыраазыбыз. Ошондуктан аны мактап-даңктагыбыз келет. Биз анын мындан ары да ал бир туугандарга жардам бере берерине толук ишенебиз (1 Тесалоникалыктар 3:3, 7).