Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Роман Маркин жана Виктор Трофимов, камакка алынганга чейин

17-ЯНВАРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Роман Маркин менен Виктор Трофимов алты жарым жылга кесилиши мүмкүн

Роман Маркин менен Виктор Трофимов алты жарым жылга кесилиши мүмкүн

2020-жылдын 22-январында Роман Маркин менен Виктор Трофимовго каршы козголгон ишке байланыштуу чечим чыгарылат. Айыптоочу соттон аларды алты жарым жылга камоону талап кылды.

Ал ишенимдештерибиз 2018-жылдын 18-апрелинен бери куугунтукталып келет. Ошол күнү беткап кийген, курал көтөргөн полиция кызматкерлери Орусиядагы Полярный шаарындагы үйлөрдү тинтишкен. Алар түн ичинде Романдын үйүнүн эшигин талкалап кирип келишкен. Андан соң ага курал такап коркутуп-үркүтүшкөн. Ошондой эле аны жерге күч менен жаткырып, үйүн тинтип чыгышкан. Романдын 16 жаштагы кызын да колун башына койдуруп, жерге жаткырышкан.

Ошол түнү полиция кызматкерлери Полярныйдагы дагы төрт үйдү тинтишкен. Анан 12 ишенимдешибизди, анын ичинде Роман Маркин менен Виктор Трофимовду суракка алыш үчүн полиция участогуна алып кетишкен. Кийинчерээк Мурмансктагы Полярный райондук соту алардын ишин карап, аларды тергөө камак жайына камоого байланыштуу чечим чыгарган. Боордошторубуз алты ай тергөө камак жайында, андан соң төрт ай үй камагында болушкан. 2019-жылдын 7-февралында сот аларды үй камагынан бошоткон. Ошенте да, чечим чыкканга чейин, аларга башка жакка чыгууга, башкалар менен эркин сүйлөшүүгө тыюу салынган.

Орусияда 300гө жакын ишенимдешибизге каршы кылмыш иши козголгон. Алар Жахабанын сүйүүсүнөн эч нерсе ажырата албасына бекем ишенип, мындан ары да кайраттуу, эр жүрөк боло бериши үчүн, тиленип турабыз (Римдиктер 8:38, 39).