Мазмунун көрсөтүү

Семён Байбак

25-НОЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Семён Байбак деген жаш ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

Семён Байбак деген жаш ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн соттолууда

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 18-декабрында a Ростов-на-Дону шаарындагы Ленин райондук соту Семён Байбак бир тууганыбызга байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочу аны 4 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратууну талап кылууда.

Жеке маалымат

Семён Байбак

  • Туулган жылы: 1997 (Ростов-на-Дону)

  • Кыскача таржымалы: Агасы менен эжеси бар. Кытай тилин үйрөнгөн жана кытай тилинен сабак берет. Китеп окуганды жакшы көрөт. Ыр жазат

  • Ата-энеси ага Жахаба тууралуу бала кезинен эле окутуп-үйрөткөн. Ыйык Китептеги даанышман кеңештерге кичинекей кезинен тартып эле карманып жашайт. Диний көз карашынан улам аскердик кызматтан баш тарткан. Анын ордуна 2015-жылдан 2017-жылга чейин балдар ооруканасын жууп-тазалап альтернативалык жарандык кызматты өтөгөн

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 22-майында экстремизмге каршы күрөшкөн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Ростов-на-Донудагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 13 үйүн тинтишкен. Ошондон 2 жумадай өткөндөн кийин, 2019-жылдын 6-июнунда, Семёнго каршы кылмыш иши козголгон. Акыры, аны кармап кетип, бир күн убактылуу тергөө камак жайына камашкан. Андан соң соттолуп, үй камагына алынган. Алгач аны сегиз жумага камашкан, бирок мөөнөтүн жети жолу алмаштырышкан.

Бийлик өкүлдөрү башында ага диний жолугушууларга катышкан жана Ыйык Китептен билгендерин башкалар менен бөлүшкөн деген айып коюшкан. 2019-жылы, ноябрда аны «экстремисттик» уюмду каржылаган деп да айыпташкан.

Орусиядагы бир туугандарыбыз дагы деле куугунтукталып жатса да, «тынчтыктын Кудайы» Жахаба, «өзүнүн эрки аткарылышы үчүн», аларга зарыл болгон нерсенин баарын берет деп ишенебиз (Еврейлер 13:20, 21).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.