Мазмунун көрсөтүү

19-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Сергей Бритвин менен Вадим Левчук доо арызы канааттандырылбаса да, кайраттуулугунан жазган жок

Сергей Бритвин менен Вадим Левчук доо арызы канааттандырылбаса да, кайраттуулугунан жазган жок

2021-жылдын 19-январында Кемерово облустук соту Сергей Бритвин жана Вадим Левчук деген ишенимдештерибиздин доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар буга чейин 4 жылга соттолгон болчу. Эми ошол өкүм күчүнө кирет. Алардын тергөө камак жайында жана үй камагында отурганын эске алганда, мөөнөтүнүн үч жылдан ашык убактысын өтөдү деп эсептелди. Демек, алар бир жылдай түрмөдө отурушат. Ал эки ишенимдешибиз тең туруктуулугунан жазбаганга, жагдай-шартына жараша колунан келгендин баарын кылганга чечкиндүү.

Алгачкы сотто айткан сөздөрүндө алар Жахабага эмне үчүн ишенерин, ага кызмат кылуунун аркасында кандай пайда алып жатышканын кайраттуулук менен түшүндүрүп беришкен.

Сергей сотко мындай деген: «Айыптоочу тарап менден эмнени талап кылууда? Ишенимимден баш тартышымдыбы? Бирок так ошол ишеним мага жакшы адам болгонго, Орусиянын үлгүлүү жараны болгонго жардам берип келатат. Үй-бүлөмдү сактап калганга, жашоомду жакшы жакка өзгөрткөнгө жардам бергени үчүн Кудайыма миң мертебе ыраазымын. Жахабаны таанып-билгенимдин аркасында жашоом маңызга толуп, жаркын келечекке болгон үмүтүм жанды. Мен үчүн Кудай менен болгон мамилем баарынан кымбат. Мага кандай жалаа жабылбасын, аны менен болгон мамилемди эч нерсеге алмаштырбайм».

Ал эми Вадим мындай деп айткан: «Сот иши башталгандан тартып жан дүйнөмдө бейкуттук орноп жатты. Анткени Жахаба мен тарапта, мен болсо ал тараптамын! Мага кандай өкүм чыгарылбасын, мен үчүн Кудайымдын мага кандай караары баарынан маанилүү. Кайсы жерде болбоюн, сүйүү, кубаныч, тынчтык, боорукердик, ишеним, момундук, өзүн өзү кармай билүү сыяктуу Кудайга жаккан сапаттарды мындан ары да өрчүтө берем».