Мазмунун көрсөтүү

Сергей Верхотуров жубайы Виктория менен

26-ФЕВРАЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Сергей Верхотуров 7 жылга камалышы мүмкүн

Сергей Верхотуров 7 жылга камалышы мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

2021-жылдын 1-мартында a Нижний Новгороддун Приокск райондук соту Сергей Верхотуровдун ишине байланыштуу чечимин жарыялашы мүмкүн. Ал 7 жылга түрмөгө кесилиши ыктымал.

Жеке маалымат

Сергей Верхотуров

  • Туулган жылы: 1974 (Байкальск шаары, Иркутск облусу)

  • Кыскача таржымалы: 10 жыл электрик болуп иштеген. Акыркы жылдары өнөр жай ишканасында юридикалык кеңешчи катары иштеп келаткан

  • Ыйык Китепте жазылгандарга бала кезинен эле кызыкчу. Бой жетип, бир жерде иштеп жүргөндө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеген кесиптешинин жүрүм-турумун көрүп аябай таасирленген. Ошонун аркасында өзү да Ыйык Китепти изилдей баштаган. Ал китепте жазылгандардын жүйөлүү, жөнөкөй болгону ага күчтүү таасир эткен. Ошентип, 1995-жылы чөмүлгөн. Жубайы Виктория экөө 2001-жылы баш кошушкан

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 16, 17-июлунда Орусиянын бийлик өкүлдөрү Нижний Новгород шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн 35 үйүн, анын ичинде Сергей Верхотуровдун үйүн тинтишкен. Ошол учурду эстеп, Сергей мындай дейт: «Мен дүрбөлөңгө түшүп, корккон жокмун. Бир аз эле тынчсызданып жаттым». Үйүн тинткенден кийин бийлик өкүлдөрү Сергейди, эгер ал купуя маалыматтарды айтпай турган болсо, Викторияны түрмөгө камап салабыз деп коркутушкан. «Ошондо аябай эле оор болду»,— дейт Сергей. Жахаба жардам бергендиктен, ал коркунучка алдырган эмес. Виктория b да түрмөгө камалган эмес.

Ал мындай деп бөлүшөт: «Боло элек нерселерди ойлоп корко бербеш керек экенин түшүндүм. Анткени жагдай сен ойлогондон такыр башкача болуп калышы мүмкүн экен. Сыноого туш болгонубузда муну көтөрүп кетүү бизди байкап тургандарга эле мүмкүн эместей сезилет. Чынында, кыйынчылыктарга кабылганда Жахабанын колдоп жатканын өзгөчө сезет экенсиң».

Кубанычын жоготпош үчүн Сергей бир тууганыбыз баарын Жахаба үчүн, башкалар үчүн кыла бергенге көңүл топтоп жатат. Ал мындай дейт: «Көптөн-көп каалаганым — Жахабанын даңкталып-даңазаланышы. Мен дайыма ушул жөнүндө тиленип келем, мындан ары да тилене берем. Ошондой эле туруктуулук сактап жатып анын ысмына сөз тийгизбесем экен, туруктуулугумдун аркасында жакшы кабардын таратылышына шарт түзүлсө экен деп тиленем. Сот иши башталгандан бери мен көп адамдарды жолуктурдум. Алар Кудай жөнүндө такыр эч нерсе билбейт же азыноолак эле билет. Жахабадан ошол адамдар аны таанып-билип, аны менен дос болсо экен деп чын жүрөктөн суранам».

Орусияда куугунтукка туш болуп жаткан ишенимдештерибизге, элчи Пабылдай болуп: «Тынчтыктын Мырзасы силерге дайыма бардык жагынан тынчтык берсин. Мырзабыз баарыңар менен болсун»,— деп айткыбыз келет (2 Тесалоникалыктар 3:16).

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн.

b 2020-жылы, мартта бийлик өкүлдөрү Викторияга өзүнчө кылмыш ишин козгошкон.