24-МАРТ, 2021
ОРУСИЯ
Смоленсктеги төрт ишенимдешибиз катуу куугунтукка, түрмөгө камалганына карабай кайратынан жазышкан жок
ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫАТ | Орусиянын соту үч ишенимдешибизге «эктремист» деген айып тагып, күнөөлүү деп тапты
2021-жылдын 23-апрелинде Смоленск өнөр жай райондук соту Евгений Дешкого, Руслан Королёвго жана Валерий Шалевго каршы чечим чыгарып, ишенимдештерибизди күнөөлүү деп тапты. Руслан менен Валерий алты жарым жылга шарттуу соттолду. Ал эми Евгений алты жылга шарттуу соттолду. Алар азырынча түрмөгө камалбайт.
Өкүм жарыяланчу күн
Смоленск өнөр жай райондук соту жакында Евгений Дешко, Руслан Королёв, Валерий Шалевдун ишине байланыштуу чечимин жарыялайт a. Айыптоочу Евгений менен Русландын тогуз жылга, ал эми Валерийдин сегиз жылга кесилишин талап кылууда. Аты аталган ишенимдештерибиз менен чогуу Виктор Малков бир тууганыбызга каршы да кылмыш иши козголгон болчу. Ал сот иши аягына чыкканга чейин эле каза болуп калды
Жеке маалымат
Евгений Дешко
Туулган жылы: 1989 (Сочи)
Кыскача таржымалы: Укалоочу, айдоочу жана электрик болуп иштеген. Жахабанын Күбөсү болгон ата-энеси аны Кудайдын жолунда тарбиялаган. Ыйык Китептеги мыйзам-принциптердин туура экенине көзү жеткенден кийин аскер кызматын өтөгөндөн баш тарткан. 2012-жылы чөмүлгөн. 2012-жылдан 2014-жылга чейин альтернативалык жарандык кызмат өтөш үчүн карыларды дарылаган ооруканада иштеген
Руслан Королёв
Туулган жылы: 1982 (Смоленск)
Кыскача таржымалы: Бала кезинен эле электрондук каражаттарды оңдогонго кызыкчу. Кийин ушул тармакта адис болуп иштеп калган. Орусиянын аскеринде кызмат өтөгөн. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган жана анда жазылгандар ага жаккан. 2004-жылы чөмүлгөн
Виктор Малков
Туулган жылы: 1959 (Смоленск)
Кыскача таржымалы: Механик, жыгач уста жана чатыр жапкыч болуп иштеген. Аялы Вера менен 1992-жылы баш кошкон. Жаш кезинде футбол ойногонду жакшы көрчү. Көзү көрбөгөн бир тууганына кам көрчү
Мурда чоң муштум болгону үчүн жети жыл түрмөдө отурган. Аялы менен мына-мына ажырашайын деп турганда Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Мунун аркасында тынчтыкты сүйгөн, өкмөттүн мыйзамына баш ийген үлгүлүү жарандардан болуп калган. Ошондой эле аялына жакшы мамиле кылганды үйрөнгөн. 2008-жылы чөмүлгөн. 2020-жылдын 26-апрелинде көз жумган
Валерий Шалев
Туулган жылы: 1977 (Ярцево)
Кыскача таржымалы: Жаш кезинде англис тилин окуган. Аскердик окуу жайын бүтүргөн. Орусиянын Ыраакы Чыгышына көчүп барып, аскердик мекемеде бухгалтер болуп иштеген. Ал жактан кеткенден кийин каржы кеңешчиси болуп эмгектенген. 1999-жылы Светланага үйлөнүп, анын төрт жашар уулун асырап алган. Светлана экөө коллежден таанышышкан. Футбол ойногонду, чуркаганды жакшы көрөт
Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган апасы ага окуп-билгендерин айта баштаган. Алгач апасын жаңылып жатат деп ойлоп, ошону далилдегенге аракет кылган. Бирок бара-бара Ыйык Китепте жазылгандардын чындык экенине ынана баштаган. 2002-жылы чөмүлгөн
Иштин чоо-жайы
Смоленсктеги куугунтук Орусиянын Жогорку соту 2017-жылы ишенимдештерибизди кылмышкер деп жарыялоого негиз берген чечим чыгарганга чейин эле башталган. 2016-жылдын 18-декабрында куралчан 15 полиция кызматкери Смоленсктеги Падышалык залына жыйналыш өткөрүлүп жаткан маалда кирип барышкан. Жыйналышта 60тай бир тууганыбыз отурган. Тинтүү маалында полиция кызматкерлери Орусия өкмөтү «экстремисттик материал» деп эсептеген адабияттарды залыбызга өздөрү таштап, анан кайра өздөрү таап алымыш болушкан.
Ошентип, 2018 жана 2019-жылдары тинтүү, камакка алуу, тергөө камак жайына камоо иштери жүргүзүлгөн. 2019-жылы 25-апрелде полиция кызматкерлери бир нече ишенимдешибиздин үйүн тинтишкен. Алар Руслан Королёв, Валерий Шалев жана Виктор Малков бир туугандарыбызды камап коюшкан. Виктор полиция кызматкерлерине: «Мен мурун мушташтан башым чыкпаганым үчүн 7 жылга кесилип кеткем. Ошондон кийин Жахабанын Күбөсү болгом. Эми силер мени... жакшы кабар айтканым үчүн түрмөгө камагыңар келип жатабы?» — деген.
Евгений Дешко бир тууганыбызды булардан бир нече күндөн кийин кармап, тергөө камак жайына камашкан. Евгений: «Бул менин да башыма түшүшү мүмкүн экенин билгендиктен даяр тургам»,— деп эскерет. Ага Жахабанын Жашыяга айткан: «Кайраттуу, бекем бол. Коркпо, үрөйүң учпасын, анткени кайда барбагын, Жахаба Кудайың сени менен болот»,— деген сөздөрү күч-кайрат берген (Жашыя 1:9). Евгений: «Бул аятта Жахаба бизди кайраттуу болгонго чакырып жатат. Ошол эле учурда ал өзү жардам берерине ынандырууда»,— дейт.
Тергөө камак жайында отурганда Руслан Исанын Матай 6:34төгү сөздөрү жөнүндө ой жүгүрткөн. Ал мындай деп ой бөлүшөт: «Эмне болуп кетет деп сарсанаа болгондун ордуна, кат жазып, Ыйык Китеп окуп, камерада чогуу отургандарга кабар айтып, рухий иштер менен алек болуп жаттым. Санаага батканга деле убактым болгон жок».
2020-жылдын март айында Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) тергөөчүсү Г.П. Безруков төрт ишенимдешибизге коюлган чектерди азайткан. Натыйжада алар үй камагынан бошотулушкан. Төртөө тергөө камак жайы менен үй камагын кошкондо дээрлик бир жылдай эркинен ажыратылышкан. Ишенимдүү ал бир туугандарыбыз тергөө камак жайында отурганда оң маанай сактап, бийлик өкүлдөрүнө баш ийгени үчүн, аларга ушундай көбүрөөк эркиндик берилген. Тергөөчү алардын тергөө иштерине тоскоол кылбай турганына жана полиция кызматкерлерине коркунуч туудурбай турганына шектенбегендиктен бир туугандарыбызга көбүрөөк боштондук берген.
Тилекке каршы, ошондон көп өтпөй Виктордун көзү өтүп кеткен. Билдирүүгө ылайык, тергөө камак жайындагы катаал шарттардан, козголгон кылмыш иши менен коштолгон стресстен улам анын ден соолугу өтө начарлап кеткен.
Руслан, Валерий жана Евгенийлер өмүрүнүн аягына чейин ишенимдүүлүгүнөн жазбаган Виктордон жана башка ишенимдештерибизден үлгү алып, берилгендигин сактоого чечкиндүү. Бүт көңүлүн Кудайдын ишине койгондун аркасында алар куугунтукка жөн эле чыдабастан, кубанычын кемитпей кызмат кылып жатышат.
Валерий мындай дейт: «Түрмөгө камалганда Жахаба мага мурункудан да жакын болуп калды. Аны менен ушунчалык ынак болуп көргөн эмесмин. Ыйык Китепти дайыма окуп жаттым. Албетте, түрмө жакшы жер эмес дечи. Бирок Жахабаны билбегендер деле ошого чыдап жатышпайбы. Бизди болсо Жахаба Кудайыбыз колдоп турат. Анда биз сөзсүз туруштук бере алабыз!»
Евгений Жахабанын жардам бергенге даяр экенине болуп көрбөгөндөй ынанган. Ал: «Асмандагы Атабыздын жардамын күн сайын көрүп жаттым. Аябай кыйналган учурларда өзгөчө сезип жаттым. Ошон үчүн эртең эмне болуп кетет деп такыр коркпой калдым».
Сот кандай чечим чыгарбасын, Евгений мындай дейт: «Мен ушул кыйынчылыктардын баарына чыдап, ишенимимди бек сакташ үчүн колуман келгендин баарын кылганга даярмын».
Бул бир туугандарыбыз жана алардын үй бүлөсү ушундай кыйын кезеңде Жахабанын жардамы менен кубанычын жоготпой, баарын көтөрүп кете аларынан кымындай да шектенбейбиз (2 Тесалоникалыктар 3:5).
a Сот өкүмү качан чыгарын алдын ала билүү дайыма эле мүмкүн эмес.