Мазмунун көрсөтүү

Орусиядагы ишеними үчүн соттолгон, 60тан өтүп калган ишенимдештерибиз

2021-жыл, 2-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Соттолсо да, кубанычы соолубаган кары ишенимдештерибиз

Соттолсо да, кубанычы соолубаган кары ишенимдештерибиз

2017-жылы Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарына тыюу салынган. Ошондон бери бийликтегилер өлкөдөгү ишенимдештерибизди адилетсиз түрдө куугунтуктап келет. Алардын эң жашы 18де болсо, эң карысы 89да. 2021-жылдын июлуна чейинки билдирүүгө ылайык, жашы 60тан өтүп калган 18 ишенимдешибиз Кудайга тынчтыкта сыйынганы үчүн эле күнөөлүү деп табылып, соттолушкан. Алардын үчөө учурда түрмөдө отурат a. Жетектөөчү Кеңештин 2021-жылдагы 4-отчётунда бийликтегилердин кары ишенимдештерибизге кол салып, төбө чачты тик тургузган иштери тууралуу айтылат.

Ал сүйүктүү бир туугандарыбызга ушунун баарына туруштук бергенге эмне жардам берүүдө? Алардын айтып бергендери силердин кайратыңарды курчутары шексиз.

Орусиядагы ишенимдүү кары бир туугандарыбызга мыкты үлгү көрсөткөнү үчүн абдан ыраазыбыз. Жахаба Кудай аларды «сулуулуктун таажысы» деп эсептейт. Адилдик үчүн кайратынан жазбаган ал ишенимдештерибизден көп нерсени үйрөнсөк болот (Накыл сөздөр 16:31).

a Эки жылга кесилип кеткен 70 жаштагы Валентина Барановская бир тууганыбыз учурда түрмөдө. Ал эми 63 жаштагы Александр Ившин жети жарым жылга кесилип, абакта отурат. 68ге чыккан Юрий Савельев болсо алты жылга кесилип, түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жатат.