Мазмунун көрсөтүү

Акопян бир тууган жубайы (ортодо) жана аны колдош үчүн сотко келгендер менен

2019-ЖЫЛ, 6-МАРТ
ОРУСИЯ

Сот Орусиядагы Аркадя Акопянга каршы чыгарылган чечимди жокко чыгарды

Сот Орусиядагы Аркадя Акопянга каршы чыгарылган чечимди жокко чыгарды

2019-жылдын 1-мартында Кабарда-Балкар Республикасынын Жогорку соту төмөнкү баскычтагы соттун Аркадя Акопянга каршы чыгарган чечимин жокко чыгарды. Ал «экстремисттик» адабияттарды тараткан жана «диний кастыкты козуткан» деген жалган айып менен бир жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылган.

Төмөнкү баскычтагы соттун чечимине ылайык, 70 жаштагы Акопян бир тууган коомдук иштерди кылууга милдеттендирилген болчу. Жогорку соттун акыркы бул чечими төмөнкү баскычтагы соттун чечимин жокко чыгарды.

Бул жеңиш үчүн Жахабага терең ыраазычылык билдиребиз жана Акопян бир туугандын кубанычына ортоктошпуз. Биз бир туугандарыбыздын туруктуулук менен баарын көтөрүп кетишине жардам беришин сурап Кудайдан тиленип турабыз (2 Тесалоникалыктар 1:4).