25-МАЙ, 2021
ОРУСИЯ
Сот Роман Барановский менен апасы Валентина Барановскаянын доо арызын четке какты
2021-жылы 24-майда Хакас Республикасынын Жогорку соту Роман Барановский менен анын 70 жаштагы апасы Валентина Барановскаянын доо арызын канааттандыруудан баш тартты. Алар түрмөдө отурушат. Андан сырткары, сот ал ишенимдештерибиздин мурунку жазасын дагы катуулатып, кошумча чектөөлөрдү киргизди. Чектөөлөр алар түрмөдөн бошотулгандан кийин күчүнө кирет.