Мазмунун көрсөтүү

Жахабага берилгендикте кызмат кылган туугандарынын үлгүсү жөнүндө ой жүгүртүп, күч-кайрат алган эки ишенимдешибиз. Солдо (жогору жакта): Олег Данилов. Солдо (ылдый жакта): Олегдин таятасы Фёдор менен таенеси Екатерина Ригелдер. Оңдо (жогору жакта): Владимир Ермолаев (кичүүсү). Оңдо (ылдый жакта): Владимирдин чоң атасы Валентин менен чоң апасы Анна Ермолаевдер. Астында отурган Владимирдин атасынын кичинекей кези

15-НОЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Союз маалында ишеними үчүн куугунтукталган бир туугандарыбыздын үлгүсү күч берүүдө

Союз маалында ишеними үчүн куугунтукталган бир туугандарыбыздын үлгүсү күч берүүдө

Олег Данилов менен Владимир Ермолаев (күчүүсү) — куугунтукка тике караган Орусиядагы ишенимдештерибиздин экөөсү гана. Кайраттуу бул ишенимдештерибизге рухий мурасы, башкача айтканда, Союз учурунда ишенимин бек сактаган туугандарынын үлгүсү күч берип келет.

ОЛЕГ ДАНИЛОВ

Олегдин таятасы Фёдор менен таенеси Екатерина Ригелдер 1958-жылы Жахабанын Күбөсү болушкан. Өкмөт Жахабанын Күбөлөрүн катуу куугунтуктай баштаганда, укук коргоо органдары Ригелдердин үйүн тинтип, мүлкүн тартып алышкан жана Фёдорго айып пул салышкан. Ошого карабай Фёдор үй-бүлөсү менен Жахабага кызмат кыла берген.

Фёдор менен Екатеринанын балдары Альфред менен Элла (Олегдин апасы) ишеними үчүн шылдыңга алынып, ар кандай кыйынчылыктарга туш болуп чоңоюшкан. Ошентсе да экөө тең ишенимин темирдей бекем сакташкан. Кийин Альфредди аскерге чакырышканда, ал буйдалбастан баш тарткан. Ошон үчүн үч жыл түрмөгө кесилген.

Таякеси Альфреддей болуп, Олег дагы ишеними үчүн үч жылдан бери түрмөдө отурат. Ал 2021-жылдын мартынан бери камакта отургандыктан жубайы Наталья жана Илья менен Никита деген эки уулу менен чогуу боло албай келет. Алар Олегдин таята-таенесине жана таякесине жардам бергендей эле, Жахаба аларга да баарына чыдаганга күч берерине бекем ишенишет.

Олег Данилов менен жубайы Наталья жана алардын уулдары: Никита (солдо), Илья (оңдо)

Олег мындай дейт: «Мен Союз учурундагы туугандарым жана башка ишенимдештеримдин куугунтукка жөн эле чыдап койбой, кубанычын да сактаганы жөнүндө көп ойлоном. Мунун баары Жахабанын аларга ыйык руху аркылуу күч бергенинин аркасында мүмкүн болду деп эсептейм. Ошон үчүн өзүм да, үй-бүлөм да баарын көтөрүп, кубанычыбызды кемитпей турганыбызга шектенбейм».

ВЛАДИМИР ЕРМОЛАЕВ (КҮЧҮҮСҮ)

Владимир Ермолаев (кичүүсү) менен жубайы Валерия

Владимирдин чоң апасы Анна Ермолаева Ыйык Китептеги чындыкты 1953-жылы уккан. Ал кезде ал Сереброво айылында (Иркутск облусу) жашачу. Анна ошол айылдагылардын ичинен эң биринчилерден болуп Жахабанын Күбөсү болгон. Кошуна-колоңдору Аннага катуу кысым көрсөтүшкөн. Атүгүл апасы да каршы болуп, аны менен такыр сүйлөшпөй, мамилесин үзүп койгон.

Бийликтегилер Аннанын кабар айтып жүргөнүн билишкенде аны баласы Владимирге (улуусу) жаман таасир этет деп айыптап, баласын тартып алабыз деп коркутушкан.

Аннанын жыйналышындагы бир туугандар аны жакшы эне катары мүнөздөп кат жазышкан. Бир ишенимдешибиз ал катты Москвага алып жөнөгөн. Кат ошол кезде өлкөнү башкарып турган Никита Хрущёвго жеткен. Көңүлгө аларлык нерсе, Хрущёв ишти иликтөөгө буйрук берген. Натыйжада Анна акталып, бийликтегилер баласын тартып алышкан эмес.

Аннанын Надежда деген да кызы бар болчу. 1970-жылы ал ашказаны катуу ооруп, ооруканага жаткырылган. Доктурлар аны так диагноз коюлганга чейин эле операция кылышкан. Шашылыш операция учурунда алар кызга кан куюш керек деп чыгышкан. Бирок апасы да, кыз өзү да ишенимине каршы иш кылбай, кан куйдуруудан баш тартышкан. Тилекке каршы, доктурлар алардын оюн эсепке албай, Надеждага ылайык келбеген кан куюшкан. Өкүнүчтүүсү, көп өтпөй Надежда каза болуп калган. Күнөөнү Аннага оодарыш үчүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Аннага «баласын курмандыкка чалды» деген жалаа жаап, көптөр окуган гезитке макала чыгарышкан.

Кызынан ажырап калганы Аннанын жолдошу үчүн күтүүсүз окуя болгон. Ал мурун жубайына балдарын Ыйык Китептеги акыл-насааттар менен тарбиялаганга тыюу салбаса да, өзү чындыкты кабыл алган эмес. Бирок күйүткө батып турган кезде Аннанын ишенимдештеринин аларды сүйөп-таяп, арка-бел болушканы ага Ыйык Китепти изилдей баштаганга түрткү берген. Ошентип, ал дагы Жахабанын Күбөсү болгон.

Владимир Ермолаев (улуусу) менен жубайы Любовь

Анна менен Валентин уулу Владимирди (улуусу) Ыйык Китептеги принциптердин негизинде тарбиялай беришкен. Владимир бойго жетип, Кудайды жакшы көргөн Любовь деген кызга үйлөнгөн. Владимир менен Любовь да уулу Владимирди (кичүүсү) Кудайды сүйгөн, анын принциптерин баалаган киши кылып чоңойтушкан.

2020-жылы февралда бийликтегилер Владимир (кичүүсү) менен жубайы Валериянын үйүн тинтишкен. Владимирди кармап кетип, тергөө камак жайына камашкан. Кийин ал дээрлик эки ай үй камагына алынган. Ага тыюу салынган уюмдун иш-чараларын уюштурду деген айып коюлган. Учурда ал соттун чечимин күтүп жатат. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Соттун чечимин ойлоп сарсанаа болбой, Владимир ишенимдүүлүгүнөн жазбаган ата-энесинин жана чоң ата-чоң энесинин үлгүсү тууралуу ойлонгонго аракет кылат.

«Асмандагы Атабыздын ысымы үчүн азап тартканды чоң сыймык деп эсептейм. Ата-энем, чоң ата-чоң энемдер кыйын кезеңде туруктуу болуп, берилгендигинен жазган эмес. Мен да ошенте алам деп ишенем»,— дейт Владимир.

Олег менен Владимир (кичүүсү), Орусиядагы көптөгөн Жахабанын Күбөлөрүндөй эле, Кудайга ишенимдүүлүгүн сактаган туугандары курган рухий пайдубалда бекем туруп, мурасын жогору баалашат. Келгиле, бизден мурун жашап өткөн, Жахабага берилгендигин сактаган ишенимдештерибиздин жана учурда куугунтукталып жаткандардын үлгүсү тууралуу ой жүгүртүп, «алардыкындай ишенимге ээ боло» берели (Еврейлер 13:7).