Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Николай Полеводов менен Станислав Ким сот залынын сыртында (Октябрь, 2019)

31-ЯНВАРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Станислав Ким менен Николай Полеводовдун иши Орусиянын эки сотунда каралып жатат. Биринчи чечим 2020-жылдын 4-февралында чыгат

Станислав Ким менен Николай Полеводовдун иши Орусиянын эки сотунда каралып жатат. Биринчи чечим 2020-жылдын 4-февралында чыгат

2020-жылдын 4-февралында Орусиянын Хабаровск шаарындагы Железнодорожный райондук соту Станислав Ким менен Николай Полеводовго каршы козголгон иш боюнча чечимин жарыялайт. Прокурор эки ишенимдешибизди тең үч жылга жалпы режимдеги түзөтүү абагына жөнөтүүнүн талап кылып жатат. Андан тышкары, ал эки ишенимдешибизге дагы башка кылмыш иши козголгон. Ага байланыштуу сот отуруму ошол эле шаардагы Индустриальный райондук сотунда өтөт.

Эске сала кетсек, Станислав Ким менен Николай Полеводов 2018-жылы 10-ноябрда кармалышкан. Ошол күнү Хабаровскдагы 50дөн ашуун Жахабанын Күбөсү чогуу тамактанып, эс алыш үчүн бир кафени ижарага алышкан. Алардын жолугушуусу диний жолугушуу эмес болчу. Достук жолугушуу башталгандан көп өтпөй эле 30дай полиция кызматкери шаардык тергөө комитетинин бир нече мүчөсү менен кафеге кирип келип, ал жактагыларды кармап кетишкен. Станислав Ким, Николай Полеводов жана Виталий Жук деген ишенимдештерибиз эки айдан ашуун убакытка тергөө камак жайына камалышкан. Андан кийин бир нече ай бою үй камагында болушкан.

4-февралда 10-ноябрдагы жолугушууда болгону үчүн айыптуу деп табылган Станислав Ким менен Николай Полеводовго чечим чыгарылат. Анткен менен Станислав Кимге, Николай Полеводовго, Виталий Жукка, ошондой эле дагы башка үч Жахабанын Күбөсүнө (үч аялга) каршы кылмыш ишин козголгон. Ал ишке ылайык, Станислав менен Николай ошол жолугушууну уюштурганы үчүн күнөөлүү деп табылган. Ага байланыштуу чечим качан чыгарылары азырынча белгисиз.

Станислав менен Николай өзгөчө жагдайга туш болууда. Аларга бир учурда эки башка кылмыш иши козголууда. Тергөөчүлөр алардын ишин өз-өзүнчө кароону чечкендиктен, аларга Хабаровскдагы эки башка сот отурумуна катышууга туура келүүдө.

Эки ишенимдешибиздин тең үй-бүлөсү, балдары бар. Биз Жахабанын ал бир туугандарыбызга жана алардын үй-бүлөсүнө ыйык рухун берип, жан дүйнө тынчтыгына ээ кыларына, ошондой эле бул кыйынчылыктарды аягына чейин туруктуулук менен көтөрүп кетүүгө жардам берерине толук ишенебиз (Филипиликтер 4:7).