Мазмунун көрсөтүү

Андрей Ступников (ортодо) үй камагынан бошотулгандан кийин достору менен

2019-ЖЫЛ, 5-ИЮЛЬ
ОРУСИЯ

Ступников бир тууган үй камагынан бошотулду

Ступников бир тууган үй камагынан бошотулду

2019-жылдын 2-июлунда Орусиянын Красноярск шаарындагы сот Андрей Ступниковду үй камагынан бошотту. Бирок ал үй камагынан бошотулса да, ага каршы козголгон кылмыш иши жабыла элек.

Андрей Ступников

Ступников 2018-жылдын 3-июлунда эртең менен Красноярск шаарындагы эл аралык аэропорттон каттоодон өтүп жаткан. Ошондо Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери келип, аны кармап кетишкен. Ал 2019-жылдын февралында үй камагына алынганга чейин сегиз ай тергөө камак жайында отурган.

Андрей Ступниковдун айтып бергендерине ылайык, акыркы жылдын ичинде ал өзү жана Жахаба Кудай менен болгон мамилеси жөнүндө көп нерсени билген. Ал мындай дейт: «[Ольга экөөбүз] көптөгөн жылдардан бери Жахабанын Күбөсүбүз. Бирок Жахаба менен азыркыдай ынак болуп көргөн эмеспиз. Өзгөчө оор учурларда асмандагы Атамдын жанымда болуп, колдоп жатканын сезип келдим, азыр деле сезип жатам. Анын мага ушунчалык жакын болуп, тиленүүмө дароо жооп берип келгени мени аябай таң калтырат!»

Андрей бир тууган: «Атамдын мени жакшы билерине, сезимдеримди толук түшүнөрүнө мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлде ынандым. Башыман өткөндөрдөн улам ага көбүрөөк таянууга, куугунтукталып жатканыма өтө эле тынчсыздана бербегенге үйрөндүм. Жахаба менен болгон ынак мамилемден айрылып калуудан көбүрөөк коркушум керек. Эгер аны менен болсок, баарын жеңе аларыбызга толук ишенем»,— деп кошумчалайт.

Орусиядагы ишенимдештерибизге каршы козголгон кылмыш иштери көбөйүп отуруп, 1-июлда 217ге жетти. Орусиянын бийлик өкүлдөрүнүн айрым бир туугандарыбыздын жазасын жеңилдеткен учурлар болууда. Бирок биз адамдык сотторго же бийликтегилерге эмес, Жахаба Кудайыбызга гана ишеним артабыз. Жахабанын Орусиядагы бир туугандарга күч-кайрат берип, аларга калкан боло берсин деп тиленип турабыз (Забур 28:7).