Мазмунун көрсөтүү

Антон Остапенко

28-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Тергөө камак жайында жаткан Антон Остапенкого Падышалык ырлары, тиленүү күч берүүдө

Тергөө камак жайында жаткан Антон Остапенкого Падышалык ырлары, тиленүү күч берүүдө

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту Антон Остапенкону күнөөлүү деп тапты

2021-жылдын 25-октябрында Красноярск крайынын Шарыпово шаардык соту Антон Остапенкону күнөөлүү деп таап, алты жыл үч айга шарттуу соттоду. Ал азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Антон Остапенко

  • Туулган жылы: 1991 (Экибастуз, Казакстан)

  • Кыскача таржымалы: Электростанцияда бойлерди текшерген адиси болуп иштейт. Антон менен эжеси чындыкты бала кездеринде апасынан угушкан. Антон 2005-жылы чөмүлгөн.

    Келинчеги Наталья менен 2015-жылы баш кошкон. Алар лыжа, сноуборд тепкенди жакшы көрүшөт. Антон гитара, теннис ойногонду, балык уулаганды жакшы көрөт.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 19-апрелинде бийликтегилер Шарыпово шаарындагы 10 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтип, аларды суракка алган. Анан Антон Остапенко тергөө камак жайына камалган. Ал тергөө камак жайында 2019-жылдын 20-декабрына чейин отурган. Ага «„экстремисттик“ уюмдун иштерин уюштурууда» деген айып тагылган.

Антон тергөө камак жайында 6 ай отурган. Кыйынчылык жанына батканда аны тартып турган камерадан жүзүн буруп, раковинага башын салып алып өксөп ыйлаган учурлары болгон.

Ага ошондой оор учурда тиленүү күч берип турган. Антон мындай деген: «Жахабадан аягына чейин чыдаганга жардам беришин сурап, жалынып жаттым». Андан ары мындай деп да айткан: «Көп нерсеге үйрөнгөнгө туура келди. Ал жактан рухий жактан өсүп, бекем болуп калдым. Кызыктуусу, [ушул сыяктуу] кыйынчылыктарга туш болгондо, мурун алган билимиңди иш жүзүндө аткарып жаткандай эле болот экенсиң. Ыйык Китеп камераңда дайыма эле боло бербейт. Тергөө камак жайына алынганга чейин Жахаба жөнүндө жөн эле окуп койчу экемин. Ал эми [тергөө камак жайынан] анын кандай Кудай экенин өз көзүм менен көрүп жатам. Бул менин жүрөгүмдү аябай козгоду. Жахаба мага Кудуреттүү Кудайым эле эмес, жагдай-шартымды дайыма эске алган мээримдүү Атам да болуп калды. Ал мага өз учурунда, мен күтпөгөндөй жол менен жардам берип, колдоп келатат».

Падышалык ырлары да ага күч берген. «Келинчегим экөөбүз биздин ырларды жатташ үчүн дайыма ырдачубуз. Бул мага тергөө камак жайында отурганда абдан жардам берди. Жатарда тиленчүмүн. Бул мага канааттануу тартуулачу. Падышалык ырларын ырдачумун. Булар мага тынч уктаганга жардам берчү».

Азыр Антон соттун чечимин күтүп жатат. Ага иштегенге уруксат берилген. Бирок Шарыпово шаарынан чыкканга тыюу салынган. Ушунун айынан ал апасын доктурга алып бара албай жатат.

Биз Жахаба Кудайыбыздын куугунтукталып жаткан боордошторубузга тынчтык береринен такыр шектенбейбиз. Муну сурап бекем ишеним менен тилене беребиз (Жакан 14:27).