Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Алексей Орешков, Александр Раковский, Александр Вавилов

2-ИЮЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Тиленүү, пайгамбарлык сөздөр тууралуу ой жүгүртүү үч ишенимдешибизге чыдаганга күч берип келет

Тиленүү, пайгамбарлык сөздөр тууралуу ой жүгүртүү үч ишенимдешибизге чыдаганга күч берип келет

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусиянын соту доо арызды канааттандыруудан баш тартты

2022-жылдын 14-январында Нижний Новгород облусундагы шаардык сот Алексей Орешковдун, Александр Раковскийдин жана Александр Вавиловдун доо арызын четке какты. Азырынча бул ишенимдештерибиз түрмөгө камалбайт.

2021-жылдын 25-октябрында Нижний Новгород облусундагы Павлово шаардык соту Алексей Орешковду, Александр Раковскийди жана Александр Вавиловду күнөөлүү деп тапты. Үч ишенимдешибиз тең үч жылга шарттуу соттолду.

Жеке маалымат

Алексей Орешков

  • Туулган жылы: 1971 (Павлово, Нижний Новгород облусу)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде үстөл теннисин жакшы көрчү. Музыкалык университетти бүтүргөн. Негизинен, үйлөмө аспаптарда ойногонду үйрөнгөн. Учурда ардактуу эс алууда. Көптөгөн жылдардан бери карыган апасын карап келатат. 2011-жылы чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгон

Александр Раковский

  • Туулган жылы: 1980 (Павлово, Нижний Новгород облусу)

  • Кыскача таржымалы: Жаш кезинде гитара ойногонду үйрөнгөн. Музыкалык топтун мүчөсү болчу. Интернет технологиясы боюнча адис. Жубайы Татьянага 2005-жылы үйлөнгөн. Алардын Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп калышына ал китепте келечек жөнүндө айтылгандар түрткү берген. Экөө 2009-жылы чөмүлүшкөн. Бир уул, бир кызы бар

Александр Вавилов

  • Туулган жылы: 1976 (Кропоткин, Краснодар облусу)

  • Кыскача таржымалы: Бала кезинде чуркаганды, сууда сүзгөндү, лыжа тепкенди жана портрет тартканды жакшы көрчү. Аскерде кызмат өтөгөн. Кийин мушкердикти үйрөнгөн. Бирок зордук-зомбулук менен коштолгон бул спортту таштап, чачтарачты үйрөнгөн. Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти жубайы Елена экөө чогуу изилдей баштаган. 1994-жылы баш кошуп, 1995-жылы чөмүлүшкөн. Көбүнчө жаратылышта эс алганды жакшы көрүшөт

Иштин чоо-жайы

2019-жылы, 16, 17-июлда Федералдык коопсуздук кызматы Нижний Новгороддогу Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинткен. Акыры, Алексей Орешков менен Александр Вавиловдор суракка алынып, тергөө камак жайына камалышкан. Алексей камакта 211 күн отурган. Андан кийин дагы 31 күн үй камагында болгон. Александр болсо 241 күн тергөө камак жайында отурган.

Камалып калганда Алексей бир тууганыбыз Жахабадан мурда болуп көрбөгөндөй көп жолу тиленип, көп жолу жалынган. Күндө эртең менен ойгонгондо Жахабадан тиленип, ошол күнү боло турган кыйынчылыктарды туура кабыл алсам экен, берилгендигимден жазбасам экен, Жахаба жөнүндө, анын Сөзү жөнүндө ой жүгүртсөм экен деп суранчу. Ал мындай дейт: «Кеч киргенде узакка чейин тиленип, көп нерселерди айтчумун. Бир туугандардын ар биринин атын атап тиленгенге аракет кылчумун. Түрмө кызматкерлери, камерада мени менен чогуу отургандар, тергөөчү, үйүмдөгүлөр, жыйналыштагылар жана уюмдагылар жөнүндө тиленчүмүн».

Алсександр Вавилов болсо мындай деп бөлүшкөн: «Жахабага ушунчалык ынак болуп калдым. Анын колуман кармап, жетектеп баратканын эле эмес, козусун көтөрүп алган койчудай болуп мени көтөрүп жүргөнүн сезем. Анын камкордугуна күн сайын күбө болуп жатам».

2020-жылдын 21-сентябрында Александр Раковский да айыптуу деп табылып, иши Орешков менен Вавиловдукуна кошулган. Ал үчөөнө ар кандай айыптар коюлган. Мисалы, Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусуна катышты деген айып тагышкан. Учурда алар жашаган жеринен башка жакка чыга алышпайт.

Александр Раковскийге Ыйык Китептеги пайгамбарлык сөздөр, өзгөчө, түндүк падышасы жөнүндө айтылгандар чыдаганга күч берип келет. Ал: «Бул мага тынчымды кетирген ойлорго көңүл топтобой, куугунтук жөнүндө айтылган пайгамбарлыктар, алардын аткарылышы жөнүндө көп ой жүгүрткөнгө жардам берет. Ошондой эле Жахабанын ушундай оор учурларда колдойм деген убадасы жөнүндө ойлонгонго да түрткү берет»,— дейт.

Биз бул бир туугандарыбыздын көңүлүн чөгөрбөй, ишенимин бекем сактап, ушул кыйынчылыкты көтөрүп кете аларынан такыр шектенбейбиз (Филипиликтер 1:29).