Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго, үстүңкү катар: Алексей Антюхин, Сергей Ваев, Юрий Галка, Валерий Гурский, Виталий Неруш. Ылдыйкы катар: Игорь Попов, Евгений Соколов, Михаил Веселов жана Анатолий Ягупов

20-СЕНТЯБРЬ, 2022
ОРУСИЯ

Туруктуулуктун үзүрү

Туруктуулуктун үзүрү

Воронеж шаарынын Левобережный райондук соту жакында Алексей Антюхиндин, Сергей Ваевдин, Юрий Галканын, Валерий Гурскийдин, Игорь Поповдун, Виталий Неруштун, Степан Панкратовдун, a Евгений Соколовдун, Михаил Веселовдун жана Анатолий Ягуповдун ишине байланыштуу чечимин жарыялайт. Айыптоочунун кандай жаза талап кылары азырынча белгисиз.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2020-жыл, 13-июль

    Воронеждеги жана анын тегерегиндеги аймактагы 100дөн ашык Жахабанын Күбөсүнүн үйү тинтилген. 40тан ашык ишенимдешибиз суракка алынган. Жогоруда аталган 10 бир тууганыбыз убактылуу кармоо жайына камалган

  2. 2020-жыл, 14, 15-июль

    Он ишенимдешибиз тең тергөө камак жайына жөнөтүлгөн

  3. 2020-жыл, 3-август—18-сентябрь

    Сергей Ваев, Игорь Попов жана Анатолий Ягупов тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынышкан

  4. 2020-жыл, 1—3-декабрь

    Алексей Антюхин, Юрий Галка, Валерий Гурский, Виталий Неруш, Евгений Соколов жана Михаил Веселов тергөө камак жайынан бошотулушкан. Сергей Ваев, Степан Панкратов, Игорь Попов жана Анатолий Ягупов үй камагынан бошотулушкан

  5. 2021-жыл, 13-декабрь

    Сот отуруму башталган

Жеке маалымат

Орусиядагы ишенимдештерибиздин Жахабага таянып, туруктуулугунан жазбай келатканы бизге дем-күч берет (Жакып 1:4).

a b Степан Панкратовдун сүрөтүн алуу мүмкүн болгон жок