5-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ
«Түндүк» операциясынын 70 жылдыгына карата Москвада өткөрүлгөн пресс-конференция
10 000ге жакын Жахабанын Күбөсүнүн Сибирге сүргүнгө айдалышы
2021-жылдын 1-апрелинде Москвада «Түндүк» деп аталган операциянын 70 жылдыгына карата пресс-конференция болуп өттү. Ал операцияга ылайык, 1951-жылы Советтер Союзунун алты республикасынан дээрлик 10 000 Жахабанын Күбөсү Сибирге сүргүнгө айдалган. Конференцияда алты киши, алардын ичинде илимпоздор жана укук коргоо боюнча адистер сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Алар «Түндүк» операциясы тууралуу айтып бергенден сырткары, коомчулуктун көңүлүн учурда Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталып жатканына да бурушту. Конференция Интернет аркылуу түз эфирден берилди.
Жахабанын Күбөлөрүнүн Европадагы бирикмесинин өкүлү Ярослав Сивульский Жахабанын Күбөлөрүнүн таш боордук менен сүргүнгө айдалганы тууралуу кененирээк айтып берди. Ал сүргүнгө анын үй-бүлөсү да айдалганын айта кетти. «Архивдеги документтердин негизинде сүргүнгө 9 793 Жахабанын Күбөсү жана алардын үй-бүлөлөрү айдалганы аныкталды. Бул санга жолдо каза тапкандар менен төрөлгөндөр да кирет»,— деди Ярослав Сивульский.
Орусиядагы дин таануучу Сергей Иваненко «Түндүк» операциясынын ишке ашышына Совет өкмөтүндөгү Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жүргүзүлгөн үгүт иштери кандайча таасир эткенин кеп кылды. Ошондой эле учурдагы үгүт иштеринин терс таасири тууралуу да айтып берди. Ал тарыхка сереп салып, Жахабанын Күбөлөрүнүн туруктуулугун баса белгилеп мындай деди: «Орусия Федерациясынын 2017-жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүн куугунтукташ үчүн жүргүзүп жаткан саясатынан эч кандай майнап чыкпайт. Буга „Түндүк“ операциясынын жыйынтыгы, учурдагы жагдайдын натыйжасы жана ишенимине бек карманган Жахабанын Күбөлөрүнүн туруктуулугу далил. Орусия өкмөтүнүн кызыкчылыктарын эсепке ала турган болсок, Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктарын калыбына келтириш үчүн бир катар иш-чараларды жүргүзүү эң туура болчудай».
Казакстандагы дин таануучу жана «Казакстандагы Жахабанын Күбөлөрү: коомдук-тарыхый жана диний сереп» деген эмгектин (2020-жылы жарык көргөн) автору Артур Артемьев Совет өкмөтүнүн эң катаал чаралары да Жахабанын Күбөлөрүн жок кыла албаганын, алардын ынтасын суута албаганын баса белгиледи. Тескерисинче, Совет доорунда Казакстандагы Жахабанын Күбөлөрү абдан көбөйгөн. Так ушундай ойду Москва-Хельсинки тобуна кирген укук коргоочу Валерий Борщёв да айтты. Ал: «Куугунтук Жахабанын Күбөлөрүнүн кайратын ого бетер курчутат. Өкмөт муну түшүнүшү керек»,— деди.
Орусиядагы Адам укуктары боюнча Адистердин кеңешинин мүчөсү Валентин Гефтер «Орусияда абийири үчүн туткундалгандар кантип пайда болууда?» деген темада сөз сүйлөдү. Орусиянын түрмөлөрүндө отурган Жахабанын Күбөлөрүн саясий туткундар эмес, абийири үчүн туткундалгандар десе болот. Валентин Гефтер: «Жахабанын Күбөлөрү өкмөткө каршы эмес. Алар тек гана саясаттан тыш»,— деген ойду айтты. Андан ары ал Жахабанын Күбөлөрүнүн диний көз карашы аларга бейтараптуу болгонго түрткү берерин түшүндүрүп берди. Ал эми бийлик өкүлдөрү аларды ушун үчүн эле адилетсиз түрдө, эч негизсиз эркинен ажыратып жатышат.
Соңку сөз Орусия Федерациясынын президентинин карамагындагы укук коргоо кеңешинин мүчөсү жана «Сова» деп аталган маалымат-сереп борборунун жетекчиси Александр Верховскийге узатылды. Ал экстремизмге каршы багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамды бузган иштеринин баарын «Сова» борбору каттап жатканын айтып берди. Анын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнө каршы да мыйзамсыз иштер кылынып жатканын, алардын бүтүндөй Орусияда куугунтукталып жатканын сөз кылды. Александр Верховский: «Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жасалып жаткан чабуул токтойбу? Бул суроо абдан маанилүү. Бирок мунун жообун билбейбиз»,— деди. Ал Орусия өкмөтү, эртеби-кечпи, Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганын токтоторуна ишенерин билдирди. Верховский экстремизмге каршы чыгарылган мыйзамды кантип өзгөртсө болорун айтып, бир нече сунуш киргизди. Ошондо ал мыйзам өкмөттү чыныгы экстремизмден коргоп, Жахабанын Күбөлөрү сыяктуу тынч жашаган жарандардын укугу тебеленбей турганын баса белгиледи.
Журналисттерге конференцияда чыгып сүйлөгөндөргө суроо узатууга мүмкүнчүлүк берилди.
Ошол эле күнү Молдавиядагы Илимдер академиясынын Тарых институтунун жетеги алдында Алеку Руссо атындагы Бельцк мамлекеттик университетинин жана Богдан Петричейку Хашдеу атындагы Кагул университетинин катышуусу менен Кишинёвдо илимий конференция өткөрүлдү. 9-апрелде Киевде дагы бир конференция өткөрүү пландаштырылып жатат.