Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Алексей Буденчук, Алексей Мирецкий, Феликс Махаммадиев, Геннадий Герман жана Роман Гридасов

24-ФЕВРАЛЬ, 2020
ОРУСИЯ

Түрмөдө ур-токмокко алынгандарга ишенимдештери жардамга келди

Түрмөдө ур-токмокко алынгандарга ишенимдештери жардамга келди

Орусиянын Оренбург шаарындагы түрмөдө беш Жахабанын Күбөсүнүн катуу сабалганын уккан ошол шаардагы ишенимдештери дароо ал жакка барышкан. Сабалган беш ишенимдешибиз: Алексей Буденчук, Константин Баженов, Феликс Махаммадиев, Алексей Мирецкий, Роман Гридасов жана Геннадий Герман Оренбургдан 800дөн ашуун чакырым алыстыкта жайгашкан Саратов шаарынан болот.

Жылмайып турган Феликс Махаммадиев ур-токмокко алынгандан эки жума өткөндөн кийин. Үстүндөгү күрмөсү жарааттарын жаап турат

2020-жылдын 15-февралында Орусиянын Оренбург шаарындагы № 1 түзөтүү абагынын түрмө сакчылары Саратовдон болгон беш ишенимдешибизди дубинкалар менен сабаганы тууралуу онлайн жаңылык чыккан. Аны окугандан кийин жергиликтүү ишенимдештерибиздин тобу ал түзөтүү абагына барышкан. Алар эркиндигин тобокелге салып, кайраттуулук менен өздөрүнүн Жахабанын Күбөсү экенин айтышкан. Ал топ нөөмөттө турган сакчылардан беш ишенимдешибиздин акыбалы тууралуу маалымат беришин суранышкан. Ошондой эле Феликс Махаммадиевдин катуу жаракат алганын жана ооруканага жаткырылганын билгендиктен анын өлүү же тирүү экенин айтышын талап кылышкан. Алар сакчылар менен эки сааттай сүйлөшүшкөн.

Андан тышкары, Оренбургдагы ишенимдештерибиз абакта отурган бир туугандарыбызга, алардын жубайларына жана жактоочуларына андан ары да жардам көрсөтүлүп турушу үчүн топ түзүшкөн. Ошондой эле түрмөдө отурган бир туугандарыбызга бекемдей турган каттарды жазып жатышат жана түрмөдө жок пайдалуу азык-түлүктөрдү сатып алганга акча-каражат тартуу кылышкан.

Ишенимдештерибиздин жан аябастыгы жана сүйүүсү түзөтүү абагындагы кызматкерлерге жакшы таасир калтырууда. Алар Жахабанын Күбөлөрүнүн ишенимдештерине, атүгүл эч качан көрбөгөн, жүздөгөн чакырым алыстыкта жашаган боордошторуна да чындап кам көрөрүнө күбө болууда.

Бир туугандарыбыздын Еврейлер 13:3төгү кеңешке ылайык иш кылып жатканы бизге дем-күч берет. Ал жерде: «Түрмөдө отургандарды, өзүңөр да алар менен түрмөдө отургандай, эсиңерден чыгарбагыла. Ошондой эле өзүңөр да денеде жашап жүргөндүктөн кордук көрүп жаткандарды унутпагыла»,— деп жазылган.