Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Владимир Хохлов, Татьяна Шамшева, Ольга Силаева жана Эдуард Жинжиков

3-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Төрт ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн айыптуу деп табылды

Төрт ишенимдешибиз Кудайга ишенгени үчүн айыптуу деп табылды

Өкүм

2020-жылдын 3-сентябрында Брянск облусунун Новозыбков шаардык соту Владимир Хохлов, Татьяна Шамшева, Ольга Силаева жана Эдуард Жинжиковдорду айыптуу деп тапты. Аларга бир жылдан бир жыл үй айга чейин эркинен ажыратуу жазасы берилди. Бирок буга чейин эле тергөө камак жайында ушунча убакыт өткөрүшкөндүктөн алар сот залынан эле бошотулду.

Жеке маалымат

Владимир Хохлов

  • Туулган жылы: 1977 (Новозыбков шаары, Брянск облусу)

  • Кыскача таржымалы: Уста. Аскер кызматын өтөп бүткөндөн кийин Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына кошулган. Футбол ойногонду, китеп окуганды, балык уулаганды, гитара черткенди жакшы көрөт.

  • Ыйык Китепти окуп көрүүнү бир досу сунуш кылган. 2007-жылы Ольга менен баш кошкон. Анастасия деген кызы бар. Бүт үй-бүлөсү Жахабага сыйынат.

Татьяна Шамшева

  • Туулган жылы: 1977 (Череповец шаары, Вологда облусу)

  • Кыскача таржымалы: Экономист. Көп жылдар бою экономика, мыйзам жана бухгалтерия тармагы боюнча нускоочу болуп иштеген. 1995-жылы Жахабанын Күбөсү болду. Башкалар менен Ыйык Китепте камтылган даанышман кеңештер менен бөлүшкөндү жакшы көрөт.

Ольга Силаева

  • Туулган жылы: 1988 (Давыдово айылы, Москва облусу)

  • Кыскача таржымалы: Үч бир туугандын кичүүсү. Техникумду бүтүргөндөн кийин жылуулук берүү тармагындагы шаймандарды тейлеген адис болду. Кол өнөрчүлүккө жакын. Китеп окуганды, волейбол ойногонду жакшы көрөт. Ыйык Китепте камтылган жакшы кабар жөнүндө апасынан угуп, бул китепти бедел тута баштады.

Эдуард Жинжиков

  • Туулган жылы: 1971 (Новозыбков шаары, Брянск облусу)

  • Кыскача таржымалы: Темир ширетүүчү, вахтер болуп иштеген. Полицияда да иштеп калды. Мурун музыкалык топтон мүчөсү болгон. 1993-жылы ошол эле топтун мүчөсү Татьяна менен баш кошкон. Ыр жазганды, гитара черткенди жакшы көрөт.

  • 1990-жылдардын аяк ченинде Ыйык Китепти окуй баштаганда көптөгөн суроолоруна жооп тапты. Бул ага жаман адаттарынан арылганга, үй-бүлөсүнө жасаган мамилесин жакшыртканга жардам берди. Убакыттын өтүшү менен күйөөсүнүн өзгөргөнүнө таасирленген Татьяна да Жахабанын Күбөлөрүнүн катарына кошулду.

Иштин чоо-жайы

2019-жылдын 11-июнунда бийлик өкүлдөрү Брянск облусундагы 22 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтип, Татьяна Шамшева менен Ольга Силаеваны камакка алышты. Экөө тең 245 күн камакта болушту. 2020-жылдын майында бошотулуп, иштин сот тарабынан каралышын күтүп жатышты.

2019-жылдын 16-октябрында Владимир Хохлов менен Эдуард Жинжиковго каршы кылмыш иши козголду. Кийинчерээк алардын иши Шамшева жана Силаеванын иши менен бириктирилди. Жети күндөн кийин Владимир менен Эдуард камакка алынып, ушул убакка чейин камакта болушту.

Татьяна менен Ольга Жетектөөчү Кеңештин 5-отчётунда дил маек беришкен. Сегиз ай камакта отурган Ольга: «Кыйынчылыктар канчалык оор болбосун, Жахаба бизге аларды көтөрүп кеткенге жардам бериш үчүн ыйык рухун канча керек болсо, ошончо берет экен»,­— деген. Татьяна болсо ишенимдүү түрдө: «Жахаба ар убак жаныбызда болот. Ал дайыма колдоп, күч берип, жардам берип турат»,— деген.

Жахаба Кудайыбыздын Орусиядагы камалып жаткан же эбак эле камалган бир туугандарыбызга жан дүйнө бейкуттугун сактап, ушул сыноону кубаныч менен көтөргөнгө жардам берерине толук ишенебиз (1 Корунттуктар 10:13).