Мазмунун көрсөтүү

Үстүнкү сол тараптан карай сааттын жебеси боюнча: Андрей Табаков, Михаил Зеленский, Сергей менен Наталья Мысиндер, Александр Ганин, Хорен Хачикян

2-ОКТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Төрт ишенимдешибиз жана бир жубайлар 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн

Төрт ишенимдешибиз жана бир жубайлар 7 жылга чейин кесилиши мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 5-октябрында a Ульянов шаарынын Засвияжский райондук соту Александр Ганинге, Михаил Зеленскийге, Андрей Табаковго, Хорен Хачикянга жана Сергей менен Наталья Мысиндерге байланыштуу чечимин жарыялайт. Алар 3 жылдан 7 жылга чейин түрмөгө кесилиши мүмкүн. Айыптоочу соттон алардын акчасын, машинелерин да тартып алууну талап кылууда. Алардын баары жалпы жонунан 1 570 000дей рублга (20 000 АКШ долларына) барабар.

Жеке маалымат

Александр Ганин

  • Туулган жылы: 1957 (Эхаби, Сахалин)

  • Кыскача таржымалы: Чөмүлүп, Жахабанын Күбөсү болгонуна 20 жылдан ашуун убакыт болду. Учурда ардактуу эс алууда. Бакчада иштегенди жакшы көрөт.

Хорен Хачикян

  • Туулган жылы: 1985 (Ереван, Армения)

  • Кыскача таржымалы: Экономика боюнча жогорку билими бар. Жаш кезинде күрөшкө катышчу. Жумшак, боорукер киши катары белгилүү.

  • Кудайды таанып-билип, анын осуяттарына ылайык жашагысы келгендиктен Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдей баштаган. Аны Ыйык Китепте жазылгандардын акылга сыярлык, бири-бирине шайкеш болгону таасирлентет.

Сергей Мысин

  • Туулган жылы: 1965 (Кулебаки, Нижний Новгород облусу)

  • Кыскача таржымалы: Инженер болуш үчүн окуу жайда окуп жүргөндө жубайы Наталья менен таанышып калган. Экөө 1991-жылы баш кошушкан. Алар Жахабага 20 жылдан ашык убакыттан бери чогуу кызмат кылып келатышат. Бойго жеткен эки баласы бар. Сергей спортту, өзгөчө, лакросту (топтуу хоккей) жакшы көрөт.

Наталья Мысина

  • Туулган жылы: 1971 (Ленинград, азыркы аты Санкт-Петербург)

  • Кыскача таржымалы: Аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Бир кезде Германияда жашачу. Фармацевтика боюнча коллежди бүткөн. Тамак жасаганды, таттуу-патууларды бышырганды жакшы көрөт.

Андрей Табаков

  • Туулган жылы: 1973 (Минск, Белорус)

  • Кыскача таржымалы: Маалыматтык технология тармагында иштейт. Жубайы Маринага 2006-жылы үйлөнгөн. Экөө Жахабанын Күбөлөрү менен Ыйык Китепти изилдеп, чөмүлүшкөн. Техника менен, айрыкча, радиоэлектроника жана компьютер менен иштегенди жакшы көрөт.

Михаил Зеленский

  • Туулган жылы: 1960 (Булаешты, Молдавия)

  • Кыскача таржымалы: Моряк болуп жана жүк ташуучу машиненин шопуру болуп иштеген. Келинчеги Виктория экөө 1989-жылы баш кошушкан. Ал эми 1990-жылдардын башында Ыйык Китепти изилдей башташкан. Алардын Жахабага болгон сүйүүсү өсүп, кийин чөмүлүшкөн.

Иштин чоо-жайы

Үч жылдай мурун Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФКК) ишенимдештерибиздин телефон аркылуу сүйлөшкөндөрүн текшерүүгө киришишкен. Натыйжада 2019-жылдын 24-февралында ФКК Сергей менен Наталья Мысиндерге, Хорен Хачикянга, Андрей Табаковго жана Михаил Зеленскийге каршы кылмыш ишин козгогон.

Үч күндөн кийин таңкы беште алар Хорен Хачикяндын, Андрей Табаковдун жана Михаил Зеленскийдин үйүн тинтишкен. Анан үчөөнү тең кармап кетип, убактылуу кармоочу жайга камап коюшкан. Ошол эле күнү эртең менен Наталья Мысинага кимдир бирөө чалып, машинесине зыян келтирилгенин билдирип, күйөөсү экөөнүн эшикке чыгышы керектигин айткан. Сергей эшикти ачары менен, ФККнын кызматкерлери үйгө жапырт кирип келишкен. Алар баарын тинтип, жубайлардын электрондук каражаттарын тартып алышкан. Андан соң экөөнү кармап кетишкен.

Эртеси Ульянов облусунун Ленин райондук соту Сергейди тергөө камак жайына камаган. Ал эми Натальяны жана калган үч ишенимдешибизди үй камагына алган.

Сергей Мысин тергөө камак жайында баш-аягы 55 күн, үй камагында 123 күн отурган. Наталья Мысина, Хорен Хачикян, Андрей Табаков жана Михаил Зеленскийлер болсо 50дөн 55 күнгө чейин үй камагында болушкан.

2019-жылдын 15-майында эртең менен ФККнын кызматкерлери Александр Ганиндин үйүн тинтип, аны кармап кетишкен. Ал убактылуу кармоочу жайда эки күн болгон.

Ал алты ишенимдешибизге бир аз чектөөлөр коюлган. Ошентсе да бийлик өкүлдөрү аларга башка жолдор менен кысым көрсөткөнүн токтотпой келет. Жергиликтүү бийлик башындагылар Сергей Мысин менен Андрей Табаковдун банк эсептерин бөгөп коюшкан. Банкта Сергейдин 500 000дей рублы (6 313 АКШ доллары), ал эми Андрейдин 600 000 рублы (7 575 АКШ доллары) бар.

Биз забурчунун рухтун жетеги менен жазган сөздөрү ишеними үчүн куугунтукталып жаткан Орусиядагы ишенимдештерибизди кайраттандыра берсин деп тиленип турабыз. Забурчу: «Кудай — биздин баш маанабыз, күчүбүз, кыйынчылык учурунда тез жардам берүүчүбүз»,— деп жазган (Забур 46:1).

[Шилтеме]

a Күнү өзгөрүшү мүмкүн