25-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Убактылуу камоо жайына камалган биринчи жубайлар жана дагы эки карындашыбыз кылмышкер катары соттолуп жатат
Өкүм жарыяланчу күн
2020-жылдын 21-октябрында a Омск шаарынын Биринчи май райондук соту Сергей менен Анастасия Поляковдордун, Гаухар Бектемирова жана Динара Дюсекееванын иши боюнча өкүмүн жарыялайт деп күтүлөт. Айыптоочу Сергейди алты жарым жылга эркинен ажыратууну талап кылууда. Үч карындашыбыздын ар бири болсо эки жылга шарттуу түрдө кесилиши мүмкүн.
Жеке маалымат
Сергей Поляков
Туулган жылы: 1972 (Мурманск облусу)
Кыскача таржымалы: Радиофизика тармагындагы адис. 2003-жылы Анастасия менен баш кошкон.
Анастасия Полякова
Туулган жылы: 1984 (Мурманск облусу)
Кыскача таржымалы: Юридикалык тармакта билим алган. Жолдошу экөө тил үйрөнгөндү жакшы көрөт. Кытай, казак, орус жаңдоо жана серб тилдерин азын-оолак өздөштүрүшкөн.
Гаухар Бектемирова
Туулган жылы: 1976 (Урыл айылы, Казакстан)
Кыскача таржымалы: Алты бир туугандын кичүүсү. Казакстандын тоолуу аймагында, жаратылышка жакын чоңойгон. Көп жылдар бою жашоонун маңызы тууралуу ойлонуп келген. Акыры канааттандырарлык жоопторду Ыйык Китептен тапкан. Кудай Сөзүнөн окуп билгендери ага адилетсиз куугунтукка тике караганга, чөкпөгөнгө жардам берип келет.
Динара Дюсекеева
Туулган жылы: 1982 (Ленинград айылы, Казакстан)
Кыскача таржымалы: Жаш кезинен эле жашоонун маңызы жөнүндө ойлончу. 17ге чыкканда Ыйык Китепти изилдей баштаган. Анда камтылган акылмандыкка баа берип, анын авторунун ысмы Жахаба экенин билгенде бир чети таң калса, бир чети аябай кубанган. Баскетбол, волейбол ойногонду, чуркаганды, велосипед тепкенди жакшы көрөт.
Иштин чоо-жайы
2018-жылдын 4-июлунда, эртең менен эрте, Сергей менен Анастасия али ойгоно электе полиция кызматкерлери алар жашаган батирдин эшигин талкалап киришкен. Беткапчан кишилер Сергейди ырайымсыз түрдө ур-токмокко алышкан. Анан жубайлар убактылуу камоо жайына камалышкан. 2017-жылы Жогорку сот Жахабанын Күбөлөрүнүн ишмердүүлүгү кылмыш кылууга жатат деген чечим чыгаргандан кийин алар камакка алынган биринчи жубайлар болду. Экөө өз-өзүнчө убактылуу камоо жайында беш ай өткөрүштү. Андан кийин үч ай үй камагында болушту.
2019-жылдын май айында Омск облусунда Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтүү иштеринин экинчи толкуну болуп өттү. Натыйжада Бектемирова Гаухар менен Дюсекеева Динара камакка алынган. Аларга каршы козголгон кылмыш иши Поляковдордун иши менен бириктирилген. 2020-жылдын 1-апрелинде иш сот тарабынан карала баштаган.
Жахаба Кудайдын өзүнүн кызматчыларына мындай адилетсиздикке чыдаганга күч береринен эч шектенбейбиз (Эфестиктер 3:20).
a Өзгөрүшү мүмкүн