Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Рустам Диаров, Евгений менен Ольга Ивановдор, Сергей Кликунов

21-ОКТЯБРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Узак убакыт бою тергөө камак жайында, үй камагында отурганы алардын кубанычын өчүргөн жок

Узак убакыт бою тергөө камак жайында, үй камагында отурганы алардын кубанычын өчүргөн жок

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | 2022-жылдын 3-мартында Астрахань облустук соту Рустам Диаровдун, Евгений Ивановдун, Сергей Кликуновдун жана Евгенийдин жубайы Ольганын доо арызын жокко чыгарды. Баары тең мурункудай эле камакта калды.

Жагдайдын өрчүшү

  1. 2021-жыл, 25-октябрь

    Астархандагы Трусовский райондук соту Рустам Диаровду, Евгений Ивановду жана Сергей Кликуновду сегиз жылга кесип жиберди. Евгенийдин жубайы Ольга үч жарым жылга кесилди. Рустам, Евгений жана Сергей бир туугандарыбыз буга чейин эле тергөө камак жайында болушчу. Ольга бир тууганыбызды соттун чечими жарыяланары менен камакка алып кетишти.

  2. 2020-жыл, 11-июнь

    Рустам, Евгений жана Сергей тергөө камак жайына жөнөтүлгөн. Ольга үй камагына алынган

  3. 2020-жыл, 9-июнь

    100дөн ашуун коопсуздук кызматкерлери Астрахань шаарында 27 Жахабанын Күбөсүнүн үйүн тинтишкен. Рустамды, Евгений менен Ольганы жана Сергейди убактылуу кармоочу жайга камашкан

  4. 2020-жыл, 8-июнь

    Рустамга, Евгений менен Ольгага жана Сергейге каршы кылмыш иши козголгон. Үч ага-инибизге тең «экстремисттик иштерди уюштурду жана аны каржылады» деген айып тагылган. Ольга болсо «экстремисттик иштерге катышты» деп айыпталган

Жеке маалымат

Жахабанын кыйынчылык учурунда ишенимдүү кызматчыларынын жанында болорун билүү кандай гана сооротот (Забур 139:5, 10).