Мазмунун көрсөтүү

Феликс жубайы Евгения менен Өзбекстандагы поезд бекетинин сыртында турат (Орусиядагы камактан бошотулгандан кийин, 2021-жыл, 21-январь)

21-ЯНВАРЬ, 2021
ОРУСИЯ

Феликс Махаммадиев Орусиядагы түрмөдөн бошотулуп, Өзбекстанга депортация болду

Феликс Махаммадиев Орусиядагы түрмөдөн бошотулуп, Өзбекстанга депортация болду

2020-жылдын 31-декабрында Феликс бир тууганыбыз Орусиядагы түрмөдөн бошотулду. Оренбург облусунун Беляевск райондук соту аны Өзбекстанга депортация кылыш үчүн зарыл болгон документтери даяр болгончо убактылуу депортация борборунда кармап турууга чечим чыгарган. Себеби Орусия өкмөтү 2020-жылдын апрелинде аны жарандыгынан ажыраткан болчу. 2021-жылы, 20-январда бийлик өкүлдөрү Феликсти Өзбекстанга кеткен поездге салып жиберген. Феликстин жубайы Евгения Өзбекстанга андан 2 күн мурун барган. Анан жолдошун ошол жактан тосуп алган.

Феликс Орусияда 18 жылдай жашаган. Ал Өзбекстандан Орусиянын Саратов шаарына энеси менен 2002-жылы өспүрүм кезинде көчүп барган. 2004-жылы 19 жашында чөмүлгөн. Ал эми 2011-жылы Евгенияга үйлөнгөн.

2018-жылдын 12-июнунда куралданган, бет кап кийген Федералдык коопсуздук кызматкерлери (ФКК) жана жергиликтүү полиция Феликс менен Евгениянын үйүн тинткен. Ошондо Феликсти кармап кетишкен жана ал тергөө камак жайында дээрлик 1 жыл отурган. Ал Жахабадан үзгүлтүксүз тиленип, туруктуу болгонго жардам беришин сураган. Ал мындай деген: «Жахабадан күн сайын тиленчүмүн. Жан дүйнөмдү кубанычка, тынчтыкка бөлөшүн суранчумун».

Түрмө сакчылары Феликс Махаммадиевди ур-токмокко алгандан эки жумадай өткөндөн кийин

2019-жылдын 19-сентябрында Феликс менен бирге дагы 5 ишенимдешибиз айыптуу деп табылып, түрмөгө кесилген. Сот алардын доо арызын канааттандыруудан баш тарткандан кийин, Феликс жана 4 бир тууганыбыз Саратовдогу үйлөрүнөн, үй-бүлөсүнөн 800дөн ашуун чакырым алыстыкта жайгашкан Оренбургдагы түзөтүү абагына которулган. Алар абакка барары менен сабалышкан.

Мунун баарына карабастан, Феликс кубанычын жоготкон эмес. Ал дайыма жылмайып жүргөн. Башкаларга да ошонусу менен таанылып калган. Жубайы Евгения мындай деген: «Мен аны менен аябай сыймыктанам! Ал башынан өткөн кыйынчылыктарга моюн сунган жок. Азыр деле баарын кайраттуулук менен көтөрүп келатат. Ал турсун мага да туруктуу болгонго жардам берип жатат».

Орусиянын өкмөтү Феликске катуу кысым көрсөтүп, ишениминен тайдырууну көздөгөн. Бирок узакка созулган сот иши, өзү айткандай, анын Жахабага болгон берилгендигин ого бетер чыңдаган. Бул бизге Жусуптун агаларына айткан сөздөрүн эсибизге салат. Ал: «Силер мага жамандык кылууну ойлогонсуңар. Бирок... Кудай аны жакшылыкка айлантты»,— деген (Башталыш 50:20).