24-АВГУСТ, 2020
ОРУСИЯ
Хасан Когут жубайынан, жаш баласынан ажыратылып, эки жылга кесилгени жатат
Өкүм жарыя кылынчу күн
2020-жылдын 31-августу a; Кемеров облусунун Берёзовский шаардык соту
Айыптоочу талап кылган жаза
Эки жылга эркинен ажыратуу
Жеке маалымат
Хасан Когут
Туулган жылы: 1983 (Шахрисабз шаары, Өзбекстан)
Кыскача таржымалы: Ыйык Китепте жазылгандарга 1990-жылдардын орто ченинде кызыга баштаган. 2004-жылы Орусияга көчүп барып, жарандыгын алган. 2010-жылы Екатерина менен баш кошкон. 2012-жылы Тимофей деген уулду болушкан.
Иштин чоо-жайы
2018-жылдын июль айында коопсуздук кызматынын кызматкерлери сегиз ишенимдешибиздин үйүн тинтип, электрондук каражаттарын тартып алышкан. Бир нече айдан кийин Хасан аялы менен тартылып алынган буюмдарын алып кетиши үчүн полиция участогуна чакырылган. Ал жакка 2019-жылдын 6-февралында барышканда Хасан камакка алынган. Диний иш-чараларга катышканы үчүн эле ага «экстремисттик» уюмдун ишмердүүлүгүнө катышты деген айып коюлган.
Эки күндөн кийин убактылуу камоо жайынан бошотулуп, үй камагына алынган. 200дөн ашык күндөн кийин, 2019-жылдын августунда, үй камагы түрүндөгү чектөө чарасы алынган. Бирок бир нече жумадан кийин ага каршы кылмыш иши козголгон.
Учурда Когуттардын үй-бүлөсү өкүм жарыя кылынчу күндү күтүп жатышат. Жахабанын кам көрөрүнөн шектенбегендиктен алар жүрөктөрүн өйүгөн ой-санаалардын баарын ага тапшырып жатышканына толук ишенебиз (1 Петир 5:7).
a Өзгөрүшү мүмкүн