Мазмунун көрсөтүү

Владимир менен Валентина Суворовдор

15-ИЮНЬ, 2021
ОРУСИЯ

Челябинсктеги 75 жаштагы бир тууганыбыз ишеними үчүн куугунтукталууда

Челябинсктеги 75 жаштагы бир тууганыбыз ишеними үчүн куугунтукталууда

ЖАҢЫРТЫЛГАН МААЛЫМАТ | Орусия соту Владимир бир тууганыбыздын доо арызын канааттандырган жок

2021-жылдын 15-октябрында Челябинск облустук соту Владимир Суворовдун доо арызын четке какты. Андыктан ага чейинки баскычтагы соттун чечими күчүндө калды. Азырынча ал түрмөгө камалбайт.

2021-жылы 1-июлда Челябинск шаарынын Металлургический райондук соту 75 жаштагы Владимир Суворовду айыптуу деп таап, алты жылга шарттуу соттоду. Владимир азырынча түрмөгө камалбайт.

Жеке маалымат

Владимир Суворов

  • Туулган жылы: 1946 (Челябинск)

  • Кыскача таржымалы: Машинист жана театрда актёр болуп иштеген. Ошондой эле Советтер Союзу маалында маданият үйүнүн деректиринин орун басары болгон. Ыр жазганды, гитарада ойногонду жакшы көрөт

    1973-жылы Валентинага үйлөнгөн. 1993-жылы Жахабанын Күбөсү катары чөмүлгөн. Жубайы экөө Игорь деген уулун тарбиялап-чоңойтушкан. 2014-жылы уулу рактан каза болуп калган

Иштин чоо-жайы

2020-жылдын 16-январында Челябинсктин бийлик өкүлдөрү 75 жаштагы Владимир Суворовго каршы кылмыш ишин козгогон. Челябинск облусунун тергөөчүсү Владимирге диний иш-чараларды уюштурду, диний ырларды ырдады, тиленди жана Ыйык Китептин негизинде талкуу жүргүздү деген айыптарды койгон.

2020-жылдын февралында ага белгилүү бир аймактан чыгууга тыюу салынган. Ал эми 2020-жылдын 17-июнунда ага расмий түрдө кылмыш иши козголгон. Ушундай куугунтуктун айынан Владимир абдан кыйналып жатканын айткан. Бирок ошого карабай ал көңүлүн чөгөргөн эмес. Ал: «Жахаба Кудайбыз бизди эч убакта калтырбайт... Аны менен болгон мамилебиз ого бетер бекемделип калды. Валентина экөөбүз анын колдоосун күн сайын сезебиз. Ал бизди сүйүктүү ишенимдештерибиз аркылуу кубаттап, бизге күч-кайрат берип жатат. Бизге атүгүл башка жыйналыштагы бир туугандар чалып, бекемдеп жатышат».

2021-жылдын 11-мартында 73 жаштагы Валентинага да айып коюлуп, ал 2 жылга шарттуу соттолгон. Ошол эле сот органдары учурда Владимирдин ишин кароодо. Бул жубайлар Жахабанын аларды колдоп-коргооруна бекем ишенет a (Забур 118:6).

a Владимир менен Валентина Суворовдордун дил маегин Жетектөөчү Кеңештин 2021-жылы чыккан 4-отчётунан көрө аласыңар.