6-НОЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ
Эл аралык бийлик өкүлдөрү Орусиянын Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жатканына каршы
«Бул — жеткен адилетсиздик» (КДЭБЭКтин өкүлү Гейл Мэнчин).
Европадагы жана Кошмо Штаттардагы бийлик өкүлдөрү Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктап жатканына нааразы экенин билдирип келишет.
Кошмо Штаттардын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы (КДЭБЭК)
2020-жылдын 27-октябрындагы билдирүүсүндө Гейл Мэнчин мындай деген: «КДЭБЭК Орусиянын Деннис Кристенсенге жасаган мамилеси тууралуу угуп, төбө чачы тик турууда. Өкмөттүн тек гана Кудайга сыйынып жүргөн бул бейкүнөө кишини жек көрөрү айдан-ачык эле көрүнүп турат. Ырайым кылгандын ордуна, өкмөт ага коркунучтуу кылмышкер катары мамиле кылууда. Бул — жеткен адилетсиздик».
Гейл Мэнчин КДЭБЭКтин абийир туткундары боюнча долбоору аркылуу Деннис бир тууганыбызга колдоо көрсөтүүдө. КДЭБЭК Деннис Кристенсендин алты жылга түрмөгө кесилгени мыйзамсыз экенин бир канча жолу Орусияга катуу эскерткен.
Ошондой эле КДЭБЭК Орусия өкөмтүн Деннис Кристенсендин мөөнөтүнөн эрте бошотулушун жокко чыгарып койгону үчүн да айыптаган. Анын билдирүүсүндө айтылгандай, Денниске «[2020-жылы] 23-июнда мөөнөтүнөн эрте бошотулууга уруксат берилген, бирок айыптоочунун каршылыгынан улам ал чечим жокко чыгарылган. Натыйжада Деннис Кристенсен боштондукка чыгарылган эмес. Тескерисинче, ага түрмөдөгү эрежелерди бузду деген жалган айып тагылып, жакшы желдетилбеген жаза камерасына камалган».
КДЭБЭКтин билдирүүсү 2020-жылдагы жылдык отчёту менен жыйынтыкталган. Анда Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнө «уюшкан түрдө чабуул жасап жатканы, куугунтуктаганын токтотпой жатканы жана дин тутуу укугун одоно бузуп жатканы» айтылган. Ошондой эле АКШ Орусияны «өзгөчө тынчсыздандарып жаткан өлкө» катары көрүп, жоопко тартарын эскерткен.
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши
БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан тандалган жогорку даражадагы сегиз өкүл Улуттар Уюмуна караштуу Орусия Федерациясынын дайымкы өкүлүнө кат жөнөтүшкөн. Алар катта «Орусия Федерациясындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дагы деле куугунтукталып жатканына, алардын Санкт-Петербургдагы административдик борборунун тартылып алынганына жана өлкөдөгү 395 жергиликтүү диний уюмунун иштерине тыюу салынганына» нааразы экенин билдиришкен. Ошондой эле ал өкүлдөр Орусия Жахабанын Күбөлөрүн куугунтуктаганын токтотушун суранган эл аралык уюмдарды тоготпой жатканын сынга алышкан.
БУУнун өкүлдөрү түшүндүргөндөй, Орусия өкмөтүнүн экстремизмге байланыштуу түшүнүксүз мыйзамынын айынан «Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иштеринин баарына тыюу салынууда. Андан тышкары, ал мыйзам аларды коркутуп-үркүтүүдө. Полиция кызматкерлеринин алардын үйүнө кирип барып, тинтишине, айрымдарын болсо суракка алыш үчүн алып кетишине себеп болууда. Кээ бирлерин айыптуу деп таап, камап коюшуна алып келүүдө».
Ал өкүлдөр «Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндиги АСУЭПтин a 18 (1) беренесинин негизинде корголушу» керектигин баса белгилешкен. Ошол себептен алар Орусия өкмөтүнө «2002-жылдагы экстремизм менен күрөшүү боюнча федералдык мыйзамы жарандардын ой, абийир жана дин тутуу эркиндигин чектебеши керектигин» эскерткен.
Катта ишенимдештерибизге ырайымсыз мамиле кылынып жатканы тууралуу да айтылган. Мисалы, 2020-жылдын 6-февралында Саратовдогу 5 ишенимдешибиздин ур-токмокко алынганы сөз кылынган. Ал катта мындай делет: «Камакка алынган Жахабанын Күбөлөрү катаал шарттарда отурушат. Аларга жаман мамиле кылышат. Уруп-сабашат, сөз менен кордошот. Мунун баары аларды кыйнагандыкка жатат. Жахабанын Күбөлөрү Кудайга ишенгени үчүн эле ушундай кыйынчылыктарга кабылып жатышат».
Мындан тышкары, катта дагы бир зээн кейитерлик окуя тууралуу баяндалган. Тагыраак айтканда, Орусиянын укук коргоо органдары 2020-жылдын 10-февралында Вадим Куценкону катуу кыйнашканы айтылган. Орусиянын бийлик өкүлдөрү чынында андай болбогонун айтып чыгышкан. Бирок БУУнун өкүлдөрү буга ишенген эмес. Алар «Жахабанын Күбөлөрүнүн Кудайга сыйынганы үчүн эле кылмышкер деп эсептелгени улуттук репрессияга барабар экенин белгилеп, буга катуу тынчсызданып жатканын» билдиришкен.
Европа Кеңешинин министрлер комитети
2017-жылы Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салып, куугунтуктай баштаган. Бирок Адам укуктары боюнча Европа соту Орусияны Жахабанын Күбөлөрүнүн укугун бузуп жатканы үчүн айыптаган b. Ошондон кийин Европа Кеңешинин министрлер комитети c Орусия ошол чечимге кулак кагып жатабы же жокпу, кылдат байкоо сала баштаган. Натыйжада 2020-жылдын 1-октябрында ал Комитет чечим чыгарып, төмөнкүлөрдү белгилеген: «2017-жылы салынган тыюу жана башка булактардан келип жаткан төбө чачты тик тургузган билдирүүлөр бизди тынчсыздандырууда. Тыюу салынгандан бери, Жахабанын Күбөлөрү Кудайга сыйынганы үчүн эле камалып, куугунтукталып, түрмөгө кесилип келишет».
Алардын укугу тебеленбеши үчүн, Комитет Орусия өкмөтүн экстремизмге каршы мыйзамын кайра карап чыгууга чакырды. Себеби «учурдагы ал мыйзам Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракеттерине тыюу салынышына, аларга каршы кылмыш ишинин козголушуна себеп болуп жатат». Ошондой эле Орусия «Жахабанын Күбөлөрүнө салган тыюуну жоюу жөнүндө ойлонуп көрүшү керек. Андан тышкары, аларга диний иштер менен алек болгону үчүн эле кылмыш ишин козгогонун токтотушу зарыл». Орусия өкмөтүнүн бул талаптарды аткарып жаткан-жатпаганы 2021-жылы кайра каралат.
2017-жылдан бери Орусияда жана Крымда 400дөн ашуун ишенимдешибиз «экстремист» катары айыпталып келет. Орусиянын 70тен ашуун шаарындагы 210дон ашык Жахабанын Күбөсү түрмөгө камалды.
Ушундай оор кыйынчылыктарды туруктуулук менен көтөрүп келаткан ишенимдештерибизге жардам бере беришин сурап Кудайыбыз Жахабадан тиленип турабыз (Забур 20:2, 7).
b «Москвадагы Жахабанын Күбөлөрү жана башкалар Орусияга каршы», «Крупко жана башкалар Орусияга каршы» деген сот иштери.
c Министрлер комитети Адам укуктары боюнча Европа соту чыгарган чечимдердин аткарылган-аткарылбаганын көзөмөлдөйт.