Мазмунун көрсөтүү

Солдон оңго: Валерий Борщёв, Александр Гурьянов, Сергей Давидис — Жахабанын Күбөлөрүнүн Сибирге айдалганына 70 жыл болгону талкууланган илимий конференцияга катышкан Адам укуктары боюнча адистер. Конференция 2021-жылдын 6-апрелинде Эл аралык мемориал коому тарабынан Москвада өткөрүлдү

12-АПРЕЛЬ, 2021
ОРУСИЯ

Эл аралык мемориал коому Жахабанын Күбөлөрүнүн Сибирге айдалганына 70 жыл болгонуна карата илимий конференция өткөрдү

Эл аралык мемориал коому Жахабанын Күбөлөрүнүн Сибирге айдалганына 70 жыл болгонуна карата илимий конференция өткөрдү

2021-жылдын 1-апрелинде Москвада Жахабанын Күбөлөрүнүн Сибирге сүргүнгө айдалганына 70 жыл болгону талкууланган пресс-конференция болуп өткөн. Ошондон бир нече күндөн кийин эле, 6-апрелде, Эл аралык мемориал коому илимий конференция уюштурган. Ага Орусиянын бир катар окумуштуулары, укук коргоочулары чакырылган. Конференцияда Совет өкмөтү 1951-жылы уюштурган «Түндүк» деп аталган операциясы эле эмес, учурда Орусияда Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталып жатканы тууралуу да сөз жүрдү.

«Түндүк» операциясы Совет өкмөтүнүн Коопсуздук министрлигинин (КМ) демилгеси менен уюштурулган. 1951-жылдын башында КМ ошол кездеги СССРдин башчысы Иосиф Сталинге мындай деп билдирген: «Совет өкмөтүнө каршы жашыруун иш жүргүзгөн Жахабанын Күбөлөрүн жок кылыш үчүн Советтер Союзунун Коопсуздук министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн башчыларын камоону зарыл деп таап жатат. Ошондой эле Украинадагы, Белорустагы, Молдавиядагы, Латвиядагы, Литвадагы жана Эстониядагы Жахабанын Күбөлөрүн Иркутск менен Томск облустарына сүргүнгө айдоону туура деп тапты». Жалпы жонунан 10 000ге жакын киши, анын ичинде 3 000ден ашуун үй-бүлө сүргүнгө айдалып кеткен. Ушунчалык көп кишинин диний себеп менен сүргүнгө айдалганы СССРдин тарыхында болуп көргөн эмес.

Конференциянын төрагасы Александр Гурьянов сөзүн: «Бул диний топ... азыр да куугунтукталып жатат. Андыктан „Түндүк“ операциясы менен байланышкан тарыхты талкуулаганыбыз орундуу болуп турат»,— деп баштады.

Тарыхчы, географ жана СССРдеги күчкө салып жер которгондордун тарыхын изилдеген адис Павел Полян Совет доорундагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарыхы жөнүндө кеп салды. Ошондой эле алардын эмне үчүн сүргүнгө айдалганынын бир себебин түшүндүрүп берди. 1940-жылдардын аяк ченинде жана 1950-жылдардын башында Коопсуздук министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн мыкты уюшкан уюм экенин байкай баштаган. Мындан тышкары, Полян мырза баса белгилегендей, «[Жахабанын Күбөлөрү] теңдешсиз миссионерлерден болушкан. Бул болсо атеисттик көз карашты жактаган өкмөткө жаккан эмес».

Адам укуктарынын жигердүү коргоочусу жана Москва-Хельсинки тобунун жардамчы төрагасы Валерий Борщёв Совет өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн өздөрү каалаган калыпка салыш үчүн үгүт иштерин жүргүзгөнүн, бир караганда чындыктай сезилген көз караштарды жайылтканын айтып берди. Бирок Валерий Борщёв айткандай, «[дин иштерине] жооптуу мамлекеттик кызматкерлер мындан эч кандай майнап чыкпай турганын моюнга алышкан». Анан Борщёв мырза: «Жахабанын Күбөлөрү ишенимине бекем турганы үчүн мактоого татыктуу!» — деп айтты.

«Мемориал» Адам укуктары боюнча борбордук кеңештин мүчөсү жана Саясий туткундарды колдоо боюнча программанын жетекчиси Сергей Давидис Орусияда Жахабанын Күбөлөрүнүн 1998-жылдан бери куугунтукталып келатканын айтып берди. Ал 2017-жылы апрелде Орусиянын Жогорку соту Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарын жоюу боюнча чечим чыгарганын да айта кетти. Анан ал чечим Жахабанын Күбөлөрү өз динин башкалардыкынан жогору деп эсептейт деген ырастоого негизделгенин баса белгиледи. Давидис мырза: «Бул — акылга сыйбаган айып. Ар бир диндин мүчөсү өз динин туура деп эсептейт. Бул — табигый эле нерсе»,— деп кошумчалады.

Жахабанын Күбөлөрүнүн Европадагы бирикмесинин өкүлү Ярослав Сивульский Сибирге айдалган Жахабанын Күбөлөрүнүн жашоосу канчалык оор болгону тууралуу ата-энесинен уккандарын айтып берди. Кээ бир үй-бүлөлөрдү суугу сөөктөн өткөн Сибирдин токойлоруна таштап салышкан. Алардын баш калкалай турган жери жок болгон. Ал ишенимдештерибизге жер кепе казып, жан сактаганга туура келген. Алар баш калкалаганга жарактуу үй курганга чейин ошондой жер кепелерде бир нече ай жашашкан. Токойдо жашап жүргөн кезинде Жахабанын Күбөлөрү дарактардын кабыктарын, чалкан жеп күн көрүшкөн. Көбү ачкадан, оорудан каза болуп калган.

Сибирдин токоюнда өздөрүнө үй курууга даярданып жаткан Жахабанын Күбөлөрү

Ярослав бир тууганыбыз Жахабанын Күбөлөрү 1951-жылы эмне себептен сүргүнгө айдалса, бүгүн деле так ошол себеп менен куугунтукталып жатканын баса белгиледи. Бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрүнүн саясий иштерге аралашпай, бейтараптуулук сактаганын өкмөткө каршы чыгып жатышат деп туура эмес түшүнүүдө. Алар Жахабанын Күбөлөрүн бийликти урматтаган, мыйзамга баш ийген, эмгекчил жарандар экенин эсепке албай жатышат.

Конференциянын төрагасы Александр Гурьянов жолугушууну Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы азыркы жагдайы тууралуу бир аз айтып берип жыйынтыктады. Ал: «Өкмөт бул динди туткандарды өзгөчө жек көрөт»,— деди. Конференцияда Жахабанын Күбөлөрүнүн 70 жыл мурунку тарыхы кайрадан кайталанып жатканы айтылды. Өкмөттүн мыйзамдарына баш ийип жашаган жарандар Конституция кепилдик берген диний укуктарынын чегинде иш кылганы үчүн эле кайрадан кылмышкер катары жарыяланып жатышат.

Онлайн конференциянын видеосу орус тилинде гана бар.