28-АПРЕЛЬ, 2023
ОРУСИЯ
«Эч нерсе кубанычымды бөксөртө албайт»
Владимир облусуна караштуу Ковровский шаардык соту жакында Роман Адестовдун ишине байланыштуу өкүм чыгарат. Азырынча айыптоочунун кандай жаза берери белгисиз.
Жеке маалымат
Биздин «түбөлүк Аскабыз» Жахаба ага таянгандарды мындан ары да сактап, тынчтык береринен кымындай да күмөн санабайбыз (Ышая 26:3, 4).
Жагдайдын өрчүшү
28-июнь, 2021
Кылмыш иши козголгон
8-июль, 2021
Үйү тинтилген. Андан соң кармап кетишкен
9-июль, 2021
Убактылуу тергөө жайына камалган
25-ноябрь, 2021
Тергөө камак жайынан бошотулуп, үй камагына алынган
21-июнь, 2022
Үй камагынан бошотулуп, башка жакка чыгууга тыюу салынган
26-сентябрь, 2022
Сот иши башталган