Мазмунун көрсөтүү

23-СЕНТЯБРЬ, 2020
ОРУСИЯ

Юрий Залипаев эки жылга кесилиши мүмкүн

Юрий Залипаев эки жылга кесилиши мүмкүн

Өкүм жарыяланчу күн

2020-жылдын 7-октябрында a Кабарда-Балкар Республикасынын Майский райондук соту Юрий Залипаевдин иши боюнча өкүмүн жарыялайт деп күтүлөт. Ал эки жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн.

Жеке маалымат

Юрий Залипаев

  • Туулган жылы: 1962 (Самара шаары)

  • Кыскача таржымалы: Темир ширетүүчү, шопур болуп иштеген. Ыр жазганды, тоого чыкканды жакшы көрөт.

  • 1983-жылы классташы Натальяга үйлөнгөн. Он жылдан кийин жубайы менен бирге Ыйык Китепти изилдей баштаган. Үч баласы бар. Бүт үй-бүлөсү жана туугандарынын айрымдары Жахаба Кудайга сыйынышат.

Иштин чоо-жайы

2016-жылдын 20-августунда полиция кызматкерлери Майский шаарындагы Падышалык залына кирип келип, тинтүү иштерин жүргүзүп жаткан маалда «экстремисттик» делген адабияттарды билгизбей таштап коюшкан. Адабияттар залга жашыруун жол менен ташталганын далилдеген видео жаздыруу бар болсо да, сот жегиликтүү диний уюмга 200 000 рубль айып пул салган (2 634 АКШ доллары). Бир нече айдан кийин ошол окуянын негизинде Залипаевга каршы кылмыш иши козголгон.

Айыптоочу Залипаевды тыюу салынган адабияттарды тараткан, Жахабанын Күбөлөрүн башка диндин өкүлдөрүнө карата зордук-зомбулук көрсөткөнгө чакырган деп күнөөлөп жатат. Бул «эл алдында экстремисттик иш-аракеттерге чакыруу» деген айыпка жатат (Орусия Федерациясынын Кылмыш Кодексинин 280-беренесинин 1-бөлүгү).

Иш сот тарабынан 2020-жылдын 21-июнунда карала баштаган. Сот учурунда каршы тараптагы күбөлөр бири-бирине жана өздөрүнүн айткандарына кайра-кайра каршы сүйлөп жатышты. Мисалга, Залипаев жыйналыштардан зордук-зомбулукка чакырган деген күбөлөрдүн ал жолугушууларга катышпаганы аныкталган. Андан сырткары, каршы тараптагы айрым күбөлөр тыюу салынган адабияттар Падышалык залына атайын жашыруун ташталганын ырасташкан.

Залипаев өкүм жарыя кылынчу күндү күтүп жатат. Биз болсо Жахаба Кудайдын ага жана туугандарына Дөөтүнүн сөздөрү аркылуу күч-кубат беришин сурап тиленебиз. Дөөтү мындай деген: «Жахаба — күч-кубатым, калканым. Жүрөгүм ага таянат, андан жардам алгандыктан, жүрөгүм шаттанат» (Забур 28:7).

a Өзгөрүшү мүмкүн