Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 27-ФЕВРАЛЬ
ОРУСИЯ

Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун текшерүүдө

Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун текшерүүдө

Орусиянын Юстиция министрлиги Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунда чоң масштабдагы текшерүү иштерин жүргүзүп жатат. Башкы прокурордун буйругу менен Юстиция министрлиги 2017-жылдын 1-февралында Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунда текшерүү иштерин жүргүзөрүн эскерткен. Юстиция министрлиги 8—27-февралга дейре созула турган бул текшерүү ишинин бир бөлүгү катары Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунан мүлккө, эсеп-кысапка, уюмдун түзүлүшүнө, билим берүү ишине, диний окууларына жана диний иштерине байланыштуу отчёт беришин талап кылган. 2017-жылдын 15-февралында Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору бийликтегилерге 73 000 беттен ашуун документ өткөргөн.

Бул текшерүү Башкы прокурор Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборуна 2016-жылы мартта берген эскертүүнү орундуу деп тапкан Москва шаардык сотунун чечиминен кийин башталган. Башкы прокурор Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун экстремисттик иштерди жүргүзүүдө деген айып менен жабарын эскерткен болчу. Ошондон тартып Орусиянын айрым аймактарындагы соттордун чечими менен Жахабанын Күбөлөрүнүн бир нече юридикалык жагы жокко чыгарылган. Мындай чечимдер жалган далилдерге негизделсе да, соттор Жахабанын Күбөлөрүнө экстремисттик иштерди жүргүзүүдө деген айып коюшкан.

Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрү бул текшерүүнүн жыйынтыгында алардын административдик борбору жабылып калышы мүмкүн экенине тынчсызданууда. Жахабанын Күбөлөрүнүн куугунтукталып жатканы жана алардын тынчтыкта жүргүзгөн диний иш-чараларына чек коюлганы Орусия өкмөтүнүн адам укуктары боюнча эл аралык нормаларды баркка албаганын көрсөтүп турат.