Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 4-ОКТЯБРЬ
ОРУСИЯ

Апелляциялык сот Деннис Кристенсен убактылуу камак жайда калсын деген чечим чыгарды

Апелляциялык сот Деннис Кристенсен убактылуу камак жайда калсын деген чечим чыгарды

2017-жылдын 28-сентябрында Орёл Облустук соту үч саатка созулган сот отурумунда Даниянын жараны жана Жахабанын Күбөсү болгон Деннис Кристенсенди бошотууга байланыштуу доо арызды канааттандыруудан баш тартты. Деннис Кристенсен 2017-жылдын 23-ноябрына чейин убактылуу камак жайда калсын деген чечим чыкты.

Июль айында өткөрүлгөн сот отурумунда төмөнкү баскычтагы сот Кристенсен мырзаны ага каршы «далилдер» топтолгуча, ноябрь айына чейин, убактылуу камак жайда калсын деген адилетсиз чечим чыгарган. Кристенсен мырзанын жактоочулары Адам укуктары боюнча Европа Сотуна арыз менен кайрылышкан жана 2017-жылдын 4-сентябрында АУЕС иликтөө ишин баштап, Кристенсен мырзанын укугу эмне себептен тебеленип жатканына байланыштуу Орусияга бир катар суроолор менен кайрылган.

Кристенсен мырза диний иштери менен алектенгени үчүн эле совет доорунан бери Орусия өкмөтү тарабынан камакка алынган биринчи чет өлкөлүк болгондуктан, анын иши бүт дүйнөнүн көңүлүн бурдурууда.