Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 31-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусияда дагы бир Жахабанын Күбөсүнө экстремисттик иштер менен алектенген деген айып коюлууда

Орусияда дагы бир Жахабанын Күбөсүнө экстремисттик иштер менен алектенген деген айып коюлууда

Мурун тигүүчү болуп иштеген, учурда ардактуу эс алуудагы 70 жаштагы Аркадя Акопян — Жахабанын Күбөсү. Ага экстремисттик иштер менен алектенген деген айып коюлуп, бир жылдай убактан бери тергөө иштери жүргүзүлүп келет. Эгер ал күнөлүү деп табылса, чоң суммадагы айып пул салынат же 4 жылга чейинки мөөнөткө түрмөгө кесилет.

Айыптоочу Аркадя Акопянды бир нече жылдан бери дайыма барып жүргөн жергиликтүү Падышалык залында өткөн диний жолугушууда «диний кастыкты козуткан» сөз сүйлөгөн деп айыптаган. Сотто айыптоочу койгон айыбын Жахабанын Күбөсү болбогон 6 кишинин жалган ырастоосуна негиздеген. Ал кишилердин айтымында, Аркадя Акопян жолугушууда сөз сүйлөгөндө башка диндерди сындаган жана аларга «экстремисттик» адабияттарды тараткыла деп берген.

Аркадя Акопян жана аны тааныгандар бул айтылгандарды четке кагууда. Сотто Акопяндын жактоочусу алты жалган күбө ал сөз сүйлөгөн деп ырастаган күнү алардын бири да ал имаратка жакын жерде болбогонун далилдеп берген. Андан тышкары, Жахабанын Күбөлөрү адабияттарын Жахабанын Күбөсү болбогондорго тараткыла деп бербей турганын билдирген. Аркадя Акопяндын жубайы Соня Жахабанын Күбөсү эмес. Кайчылаш сурак учурунда ал жолдошу Аркадя менен 40 жылдан бери бактылуу жашап келатканын жана жолдошунун туугандарынын бирин да Жахабанын Күбөсү болууга эч качан мажбурлабаганын айткан.

Сот Олег Головашко Аркадя Акопяндын сөз сүйлөгөндө айткан ырастоолору «диний кастыкты козутууга» жатар-жатпасын эксперттер аныктап берсин деген чечим чыгарган. Аркадя Акопяндын иши боюнча 2018-жылдын 15-майында өткөрүлгөн акыркы сот отурумунда сот эксперттер изилдөөсүн 2018-жылдын сентябрь айында бүтүрөрүн, бирок ага чейин Акопяндын иши сотто карала берерин билдирген. Кийинки сот отуруму 5-июнда өткөрүлөт жана Аркадя Акопян кайчылаш суракка алынат. Ал тергөө камак жайында отурбаса да, 2017-жылдын май айында Прохладный райондук сотунда өткөн сот отурумунан бери эч жакка кетпөөгө милдеттендирилген.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы юристконсультунун жардамчысы Грегори Аллен мындай дейт: «Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүн куугунтукташ үчүн экстремизмге байланыштуу мыйзамды туура эмес колдонуп, адилетсиздикке барууда. Аркадя Акопян — ушундай адилетсиздиктин дагы бир курмандыгы. Ал — эч күнөөсүз, мыйзамга баш ийген жана Кудайга тынчтыкта сыйынгысы келген жаран. Бийликтегилердин Жахабанын Күбөлөрүн жок жерден куугунтукка алганы ар бир Жахабанын Күбөсүнө коркунуч туудуруп, өлкөнүн башкалардан айырмаланган коомдук катмарын талкалоодо».

Аркадя Акопян — «экстремисттик иш менен алектенген» деп ак жерден караланган Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн экинчиси. Жахабанын Күбөсү болгон, Орёл шаарында жашаган Деннис Кристенсенге каршы 2018-жылдын февраль айында кылмыш иши козголгон. Ал бир жылдан бери тергөө камак жайында отурат жана күнөөлүү деп табылса, он жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн a. Дагы жети Жахабанын Күбөсү Орусиянын ар кайсы жерлериндеги тергөө камак жайларында отурат жана аларга расмий түрдө айып коюла элек.

a Экөө тең Кылмыш-жаза кодексинин ар кандай беренелери боюнча айыпталууда. Аркадя Акопян 282(1)-беренеге ылайык, «диний кастыкты козуткан» деп айыпталган. Деннис Кристенсенге 282.2(1)-беренеге ылайык, экстремисттик деп жарыяланган уюмдун ишин уюштурган деген айып коюлган. Бул беренелерди бузду деп айыпталгандар катуу жазага тартылат.