Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 26-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Шаар өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө, анын ичинде түрмөдө отурган Даниянын жаранына коомдук иши үчүн ыраазычылык билдирген

Шаар өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө, анын ичинде түрмөдө отурган Даниянын жаранына коомдук иши үчүн ыраазычылык билдирген

Шаар өкмөтү катка: «Коомго жана айлана чөйрөгө пайда алып келген жакшы ишиңер үчүн ыраазыбыз»,— деп жазган.

НЬЮ-ЙОРК. 2017-жылдын 2-июнунда Орусиянын Орёл шаарындагы бийлик өкүлдөрү 2017-жылдын 22-апрелинде болгон шаарды тазалоо ишине катышканы үчүн Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү жыйналышына ыраазычылык катын тапшырышкан. Жахабанын Күбөлөрүнөн турган 70 киши Орёл шаарынын көчөлөрүнө жана Орлик дарыясынын жээгине шамал учуруп келген таштандыларды тазалоого бир күн кечке өз ыктыяры менен жардам берген. Ыраазы болгон шаар өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө чакан белек берген жана ыраазычылык катын тапшырган. Ал катта: «Коомго жана айлана чөйрөгө пайда алып келген жакшы ишиңер үчүн ыраазыбыз»,— деген сөздөр камтылат.

Бирок тазалоо ишинен бир ай өткөндөн кийин, ал эми шаар өкмөтү ыраазычылык катын тапшырганга бир жума калганда тазалоо ишине өз ыктыяры менен катышкан Жахабанын Күбөлөрүнүн бири, Деннис Кристенсен (сүрөтү жогору жактын оң бурчунда), тынчтыкта өткөрүлүп жаткан диний жолугушууга катышканы үчүн экстремисттик иш менен алек болду деген айып менен 25-май күнү камакка алынган. Орусия бийлик өкүлдөрү экстремисттик иш менен алек болууда деген айып коюп, бүтүндөй өлкөдөгү Жахабанын Күбөлөрүн бутага айлантып жатышат.

2011-жылы октябрда шаарды тазалоо ишине катышып жаткан Деннис Кристенсен.

«Жахабанын Күбөлөрүн жакшы билгендер Деннистин жана анын жыйналышындагылардын шаарды тазалоо ишине өз ыктыяры менен катышканына таң калышпайт деле. Анткени Жахабанын Күбөлөрү мындай ишке көп жылдан бери, атүгүл 2016-жылы алардын жергиликтүү юридикалык жагы жоюлгандан бери да катышып келишет»,— дейт Жахабанын Күбөлөрүнүн бүткүл дүйнөлүк башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян. Ал андан ары мындай деп ой бөлүшөт: «Орёл шаарында жана дүйнөнүн чар тарабындагы башка шаарларда жашаган Жахабанын Күбөлөрү үлгүлүү жарандар катары белгилүү. Андыктан коомго пайда алып келген ишке катышкан, Орёл шаардык өкмөтү тарабынан ыраазычылык кат алган Деннисттин — Кудайдын эмгекчил, мыйзамга баш ийген кызматчысынын — кылмышкер катары эсептелгени акылсыздык. Биз Деннистин тез аранын ичинде бошотуларына, ишенимдештери менен бирге диний иштерин жана коомго пайда алып келген башка иштерин улантууга уруксат берилерине ишенебиз».

Кристенсен мырза 2016-жылдын 14-июнунда Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жагы жоюлгандан дээрлик бир жыл өткөндөн кийин камакка алынган. Ага коюлган айып 2017-жылдын 20-апрелинде Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы (Санкт-Петербургга жакын жердеги) административдик борбору жоюлсун деген чечимине негизделген. Кристенсен мырза дагы деле Орёл шаардык тергөө камак жайында отурат.

Байланышуу:

Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000