Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 29-НОЯБРЬ
ОРУСИЯ

Деннис Кристенсен эл аралык колдоого алынууда

Деннис Кристенсен эл аралык колдоого алынууда

Деннис Кристенсен бир тууган диний ишеними үчүн 525 күндөн ашык түрмөдө отуруп, 50дөй жолу сот алдына барды. Анын ишин караган Орусиянын Орёл шаарындагы Железнодорожный райондук соту сот отурумун декабрдын орто ченине белгилеген. Деннис Кристенсен 18 айдан ашык убакыттан бери камакта отурса да, оң маанай сактап, үмүтүн үзө элек. Бул Жахаба Кудайдын ал үчүн тиленип жаткан дүйнө жүзүндөгү миллиондогон бир туугандарыбыздын үнүн угуп, ага күч берип жатканын далилдеп турат.

Деннис Кристенсен Орусиядагы жана башка өлкөлөрдөгү ишенимдештери аны жакшы көрөрүн, колдоп турарын билдирген жүздөгөн открыткаларды, сүрөттөрдү алган. 30-октябрда өткөн сот отурумунда Деннис аны колдош үчүн келип, сот залында отургандардын баарына кичинекей балдар жөнөткөн открыткалар менен сүрөттөрдүн айрымдарын темир тордун айнегинен көрсөткөн.

Деннис Кристенсен алган бекемдээрлик каттардын айрымдарын 2018-жылдын 30-октябрында өткөн сот отурумунун тыныгуу маалында темир тордун айнегинен көрсөтүп жатат

Деннис Кристенсендин ишине дүйнө жүзүндөгү бир туугандардан тышкары, эл аралык уюмдар да кызыкдар болууда. Москвадагы «Мемориал» укук коргоо уюму 2017-жылдын 21-июлунда ага «саясий туткун» деген статус берген. 2018-жылдын 20-июнунда Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңеши Башкы прокуратурадан Жахабанын Күбөлөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин мыйзамдуулугун текшеришин өтүнгөн. 2018-жылдын 26-сентябрында Кошмо Штаттардын дин тутуу эркиндиги боюнча эл аралык комиссиясы Деннис Кристенсенге «ишеним жана абийир туткуну» деген статус ыйгарган.

Орусия ачык сот отурумунда Жахабанын Күбөлөрүнүн юридикалык жактарынын жоюлганы Жахабанын Күбөлөрүнүн жеке ар биринин дин тутуу эркиндигине эч кандай таасир этпейт деп кепилдик берген. Бирок жергиликтүү жана федералдык укук коргоочулар бул кепилдикти бузуп жатышат. Ошондой эле Деннис Кристенсенди жана башкаларды камаганын акташ үчүн аларга «экстремисттик» иштер менен алектенишкен деген айып коюп, мыйзамды туура эмес колдонууда. Ушул жылы Орусиянын бийлик өкүлдөрү өлкөнүн ар кайсы жериндеги көптөгөн үйлөргө рейд жасашкан. Учурда бир туугандардын 25и түрмөдө, 18и үй камагында отурат жана 40тан ашыгына ар кандай чектөөлөр коюлган. Орусиянын 30дай аймагындагы тергөө иштеринин жыйынтыгын күтүп жаткан дагы башка 90дон ашык Жахабанын Күбөсүнүн иши Деннис Кристенсендин сот ишинин жыйынтыгына жараша чечилет.

Биз дүйнө жүзүндөгү ар улуттан болгон бир туугандарыбыздын ишеними үчүн кылмышкер катары эсептелген ишенимдештерибизге күч-кайрат беришин сурап Жахабадан тиленип турарын билебиз. Ошондой эле Кудайыбыз ал бир туугандар үчүн «адилеттикти орното» турган күндү чыдамсыздык менен күтүп келебиз (Лука 18:7).