Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 26-МАЙ
ОРУСИЯ

Орусия өкмөтү даниялык Жахабанын Күбөсүн түрмөгө камады

Орусия өкмөтү даниялык Жахабанын Күбөсүн түрмөгө камады

НЬЮ-ЙОРК. Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 20-апрелинде Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарган чечиминин кесепетинде Орусиянын жарандары менен бирге Даниянын жараны түрмөгө камалды. 2015-жылдын 25-майында, кечинде, полиция кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусу өтүп жаткан үйгө кирип келип, жогорудагы жарандарды кармап кетишкен.

Деннис Кристенсен

Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусу өтүп жаткан маалда, жогорудагы сүрөттө көрсөтүлгөндөй, куралчан, бери дегенде, 15 полиция кызматкери жана Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери кирип келип, текшерүү ишин жүргүзүшкөн. Алар жолугушууга келгендердин баарынын документтеринин көчүрмөсүн алып, электрондук каражаттарын тартып алышкан. Мындан тышкары, Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Даниянын жараны, Жахабанын Күбөсү болгон Деннис Кристенсенди камакка алышкан. Ошондон көп өтпөй полиция кызматкерлери ошол шаардагы Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүн тинтишкен.

Кристенсен мырза Федералдык коопсуздук кызматынын камагында түнү бою отургандан кийин, Орёл шаарынын советтик райондук соту Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери берген арызды кабыл алган. Сот Федералдык коопсуздук кызматы иликтөө иштерин бүтүрүп, иштин жыйынтыгы билингенге чейин Кристенсен мырза камакта отурсун деген чечим чыгарды. Кристенсен мырза — Орусиянын жогорку Сотунун чечиминен кийин Жахабанын Күбөлөрүнө каршы көрүлгөн иш-чаралардан улам жабыр тарткан чет өлкөлүк жарандардын биринчиси. Эгер ал күнөөлүү деп табылса, узак убакытка кесилип кетиши мүмкүн.

Бул — бийликтегилердин жана башкалардын Жахабанын Күбөлөрүнө каршы көргөн 40 иш-чарасынын бири. Мындай нерселер Орусиянын жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп айыптап, алардын Орусиядагы административдик борбору менен бүтүндөй өлкөдөгү 395 жергиликтүү диний уюмун жойгондон кийин болуп жатат.

Жаалданган топ киши өрттөп жиберген диний жолугушуу өткөрүлгөн үй.

20-апрелде Жогорку Сот чечим чыгаргандан бир эле саат өткөндөн кийин топ киши Жахабанын Күбөлөрүнүн Санкт-Петербургдагы сыйынуу жайын зыянга учуратып, атүгүл Жахабанын Күбөлөрүн коркутуп-үркүтүшкөн. Калининграддагы, Москвадагы, Пензадагы, Ростовдогу, Санкт-Петербургдагы, Свердловсктагы, Воронеждеги жана Красноярсктагы Жахабанын Күбөлөрү да ушундай мамилеге дуушар болуп, сыйынуу жайлары, атүгүл үйлөрү зыянга учураган. 2017-жылдын 24-майында Коми Республикасынын Жешарт шаарчасында Жахабанын Күбөлөрү жолугушуу өткөргөн үй да өрттөлгөн. Полиция кызматкерлеринин тинткенинен, топ кишилердин сыйынуу жайларын, үйлөрдү талкалаганынан сырткары, айрым Жахабанын Күбөлөрүнө да кол салынган. Жахабанын Күбөлөрү мектептен, жумуштан жаман мамилеге кабылып жатышат. Жумушунан айрылып калгандары да бар.

Жахабанын Күбөлөрүнүн башкы башкармалыгынын өкүлү Давид Симонян мындай дейт: «Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиядагы ишенимдештери үчүн мурункудан да көбүрөөк тынчсызданып жатышат. Ишенимдештерибизди кыйынчылыкка кептеген мындай иштер Орусиянын Жогорку Сотунун адилетсиз чечиминин кесепетинен улам болуп жатканы айдан ачык. Биз ал чечимге макул эмес экенибизди билдирип, 2017-жылдын 19-майында расмий түрдө доо арыз менен кайрылганбыз. Орусия өкмөтү Жахабанын Күбөлөрүнө каршы жасалып жаткан адилетсиз, туура эмес мамилени токтотот деп үмүттөнөбүз. Ишенимдешибиз Деннис Кристенсендин адилетсиз түрдө камакка алынганына байланыштуу доо арыз менен да сотко кайрылдык».

Байланышуу:

Эл аралык: Давид Симонян, Жалпыга маалымдоо бюросу, тел: +1-845-524-3000