Мазмунун көрсөтүү

Орусиядагы полиция кызматкерлери Незлобная айылындагы Падышалык залынын дарбазасын ачып кирип жатышат

2017-ЖЫЛ, 12-ЯНВАРЬ
ОРУСИЯ

Орусияда дин тутуу эркиндигин чектеген куугунтук күч алууда

Орусияда дин тутуу эркиндигин чектеген куугунтук күч алууда

Орусия өкмөтү акыркы он жылдан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине көптөгөн чектөөлөрдү коюп келет. 2017-жылдын 16-январында Жахабанын Күбөлөрү өкмөттүн мындай кылгандары мыйзамсыз экенин дагы бир жолу далилдөөгө аракет кылат. Алар Москва шаардык сотун Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы административдик борборуна берилген эскертүү негизсиз жана мыйзамга каршы келет деп табышын суранышат. 2016-жылдын 2-мартында Орусия Федерациясынын башкы прокурорунун орун басары Виктор Яковлевич Гринь берген эскертүүнүн негизинде, эгер бир жылдын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн «экстремисттик» иштерди кылып жатканын тастыктаган жаңы «далилдер» табылса, алардын Орусиядагы административдик борбору жабылып калышы мүмкүн.

«Экстремисттерге» аң уулоо

Орусиянын айыптоочулары Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп айыпташ үчүн «экстремисттик иш жүргүзүүгө бөгөт коё турган» федералдык мыйзамды туура эмес колдонуп жатышат. 2006-жылы бул мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Мурунку мыйзамга ылайык, зордук-зомбулукка жаткан иштерди кылууга тукурган иш-чаралар экстремизм деп эсептелчү. Эми жаңы киргизилген өзгөртүүгө ылайык, «диний чагымчылыкка үндөгөн» иштер да экстремисттик иштерге жатат. Экстремизмге ушундай кеңири аныктама берилиши бийлик өкүлдөрүнүн өлкөдөгү негизги динге каршы келген диндердин баарын кастыкка үндөгөн диндердин катарына кошушуна шарт түзүүдө. Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин коргоого жардам берип жаткан жактоочу Грегори Аллен мындай дейт: «Орусия өкмөтү экстремизмге берилген мындай кеңири аныктаманы колдонуп, өлкөдөгү негизги динден башкаларынын баарын „экстремисттик“ диндердин катарына киргизип жатат».

«Экстремисттерге» карата аң уулоо 2007-жылдын январында башкы прокурорунун орун басары В.Я. Гринь өлкөдөгү бардык прокуратураларга Жахабанын Күбөлөрүнүн жүргүзгөн ишин текшерүүгө үндөгөн кат жөнөткөндө башталган. Ошол жыл бүтө электе эле Жахабанын Күбөлөрүнүн уюмуна каршы далил табыш үчүн 100дөн ашуун текшерүү жүргүзүлгөн.

«Далил» топтоо үчүн жүргүзүлгөн алгачкы иш-аракеттер

Мындай текшерүүлөрдүн бири Азов деңизинин түндүк-чыгыш жээгиндеги Таганрог шаарында болгон. Ал текшерүү Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнө экстремисттик иштерди кылып жатат деп коюлган айыптоолордун дээрлик баарына негиз болгон. 2007-жылдын октябрында Ростов облусунун прокуратурасы текшерүүнүн жыйынтыгын чыгарып, Жахабанын Күбөлөрүнүн Таганрогдогу жергиликтүү диний уюмуна эскертүү берген. Ал эми кийинки жылы сотко ошол жергиликтүү диний уюмдун жоюлушун талап кылган доо менен кайрылган. Бирок мындай доо коюуга мыйзамдуу далилдер жетишсиз болгондуктан, прокуратура Ростов облустук сотуна расмий өтүнүч менен кайрылып, Жахабанын Күбөлөрүнүн диний адабияттардын «текшерүүгө» уруксат беришин сураган.

Сот Жахабанын Күбөлөрүнүн каршы болгонуна карабай, «текшерүүгө» уруксат берип койгон. Ал эле эмес, Жахабанын Күбөлөрүнүн андай текшерүүгө көз карандысыз адистердин катышышын суранган өтүнүчүн четке каккан. Сот тарабынан дайындалган адистердин баары Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарында кастыкка үндөгөн эч кандай маалымат камтылбай турганын билдиришкен. Бирок сот Жахабанын Күбөлөрүнүн адабияттарында талкууланган маалымат башка диндердин «кадыр-баркын түшүрүшү мүмкүн» деп айткан адистердин оюна көбүрөөк маани берген.

«Экстремизмге» берилген кеңири аныктаманын негизинде Ростов облустук соту 2009-жылдын 11-сентябрында Жахабанын Күбөлөрүнүн 34 адабиятын «экстремисттик» деп тапкан. Ал адабияттар экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине (ЭМФТ) киргизилген. Мындан тышкары, сот Таганрогдогу жергиликтүү диний уюмду «экстремисттик» деп жарыялап, федералдык бийлик өкүлдөрүнө аны жоюуга, жүргүзгөн ишине тыюу салууга, экстремисттик уюмдардын тизмесине киргизүүгө, диний адабияттарын, мүлкүн тартып алып, бардык мүлктү өкмөткө өткөрүп берүүгө буйрук берген. 2009-жылдын 8-декабрында Орусия Федерациясынын Жогорку Соту бул чечимди толугу менен колдогон a.

2016-жылга чейин ушундай сот чечимдеринин негизинде 88 адабият «экстремисттик» деп табылып, үч жергиликтүү диний уюм жоюлган. Дагы башка 18 жергиликтүү диний уюм текшерилген. Андан сырткары, федералдык бийлик өкүлдөрү Жахабанын Күбөлөрүнүн jw.org расмий веб-сайтын жаап, өлкөгө диний адабияттарын киргизүүгө тыюу салышкан жана Ыйык Китепти да «экстремисттик» адабият катары көрүп, текшерилсин деген чечим чыгарган.

Административдик борборго чабуул жасоо үчүн топтолгон «далилдер»

2016-жылдын март айында башкы прокуратура топтолгон жалган «далилдерди» Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусиядагы административдик борборуна — Санкт-Петербургга жакын жерде жайгашкан филиалына — эскертүү берүүгө негиз катары колдонгон. Айыптоочу административдик борбордун тыюу салынган адабияттарды колдонорун жана текшерилип, жоюлган жергиликтүү диний уюмдар менен тыгыз байланышта экенин айтып: «Административдик борбордун карамагындагы жергиликтүү диний уюмдар жүргүзгөн иште экстремисттик иш-чаралар байкалууда»,— деген.

Эскертүү берилгенден кийин Жахабанын Күбөлөрү Орусия Федерациясынын башкы прокурору Юрий Яковлевич Чайкага аны жокко чыгарышын сурап кайрылышкан. Башкы прокурор эскертүү берилгенине байланыштуу чечимди колдоп, мындай деген: «Укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү маалында укуктар бузулган жана жалган далилдер колдонулган деген имиш сөздөр эскертүүнү жокко чыгарууга негиз бербейт. Себеби ал эскертүү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген соттун чечимине негизделген». Грегори Аллен мындай деп ой бөлүшөт: «Кыязы, башкы прокурор Орусия соту калыс эмес бийлик өкүлдөрү келтирген ар кандай жалган далилдерди мыйзамдуу күчкө ээ кылып коюуга укуктуу деп ойлойт көрүнөт. Эсиме Москвадагы Жахабанын Күбөлөрүнө мыйзамсыз түрдө тыюу салып койгон Москва шаардык сотунун чечими түштү. Бирок ал чечим кийин Адам укуктары боюнча Европа Соту тарабынан жокко чыгарылган» b.

Башкы прокурордун чечиминен кийин Жахабанын Күбөлөрү эскертүү берилгенине макул эмес экенин билдирип, Москва шаарынын Тверь райондук сотуна доо арыз менен кайрылышкан. 2016-жылдын 12-октябрында сот М.С. Москаленко сот отурумунда күбөлөрдү же адистерди суракка алууга уруксат бербей, Жахабанын Күбөлөрүнүн арызын четке каккан.

Натыйжада эскертүү күчүндө калган. Биринчиден, башкы прокуратура сотту Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмдары антиэкстремисттик мыйзамды бузуп жатышат деп ынандырса, экинчиден, бийликтегилер эскертүү берилген күндөн тартып эсептегенде бир жылдын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн ишинен «экстремизмге жаткан жаңы далилдерди» тапса, Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жоюлушу мүмкүн.

Жалган «жаңы далилдер» топтолууда

2016-жылдын 2-мартында эскертүү берилгенден тартып Орусия өкмөтү дагы «жаңы далилдерди» топтоого катуу киришкен. Расмий түрдө катталган 35 жагдайда (2012-жылдан баштап эсептегенде 60тан көп жагдай катталган) бийликтегилер Жахабанын Күбөлөрү колдонбой калган диний мазмундагы адабияттарды алар жолугушуу өткөргөн имараттарга өздөрү таштап коюп, кайра өздөрү «таап алышкан». Текшерүү ишин жүргүзгөн полиция кызматкерлери менен атайын бөлүктүн аскерлери (спецназ) көп учурда Жахабанын Күбөлөрүнө катаал мамиле кылышат.

  • 2016-жылдын 28-июлунда Карелия Республикасындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Падышалык залына эки жолу жыйналыш учурунда кирип келишкен. Мисалы, Петрозаводск шаарындагы Падышалык залына бет кап кийген, куралчан полиция кызматкерлери кирип келип, жолугушууну токтотушкан. Алар залга «Ыйык Китепте чынында эмне делет?» деген китептин 5 нускасын өздөрү таштап коюп, анан тинтүү маалында кайра «таап алышкан». Полиция кызматкерлери соттун имаратты жана анын тегерегиндеги аймакты тинтүүгө берген уруксат кагазын көрсөтүшкөн эмес. Костомукша шаарында да Федералдык коопсуздук кызматынын (ФКК) жана Экстремизмге каршы күрөшүү борборунун кызматкерлери жыйналыш жолугушууну токтотушкан. Тинтүү маалында алар Падышалык залынан экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине киргизилген 3 адабиятты «таап алышкан».

  • 2016-жылдын 20-августунда укук коргоо органдарынын кызматкерлери Майский шаарындагы (Кабарда-Балкар Республикасы) Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусун токтотушкан. Падышалык залындагылардын баарын күч менен сыртка чыгаргандан кийин мурунураак өздөрү таштап кеткен, экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кирген адабияттарды «таап алышкан». Алар документтерин же тинтүүгө уруксат берилген кагазды көрсөтүшкөн эмес.

  • 2016-жылдын 20-сентябрында бет кап кийген, куралчан кишилер — атайын бөлүктүн аскерлери (спецназ) — таң эртеден Незлобная айылындагы (Ставрополь аймагы) Падышалык залына келишкен. Алар залдын эшигин бузуп кирип, Жахабанын Күбөлөрү чыгарган, экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кирген бир нече адабиятты өздөрү таштап коюшкан. Анан залды тинтип, ошол адабияттарды кайра «таап алышкан».

Текшерүү маалында «далил» катары «таап алыш» үчүн, Незлобная айылындагы Падышалык залындагы бош шкафка полиция кызматкери адабият салып жатат

Айып эмненин негизинде коюлуп жатат?

Биробижандагы жергиликтүү диний уюмга каршы жүргүзүлгөн иш-чаралардан көрүнүп тургандай, Жахабанын Күбөлөрүнө төмөнкүдөй нерселердин негизинде экстремисттер деген айып коюлууда:

  1. 1-кадам. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуулары өткөрүлгөн имараттарга келип, экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кирген диний адабияттарды таштап кетишет.

    Полиция жана Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусун токтотушкан. Жолугушуу мыйзамсыз түрдө өткөрүлүп жатат деп айтып, «экстремисттик материалдарды» издеп имараттарды тинтишкен.

  2. 2-кадам. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери имаратты тинтип, тыюу салынган адабияттарды «табышат».

    Алар экстремисттик материалдардын федералдык тизмесине кирген 12 адабият табышкан. Кийинчерээк Жахабанын Күбөлөрү чоочун бир кишинин жыйналыш башталганга чейин Падышалык залына келип, ошол адабияттарды катып кеткенин аныкташкан.

  3. 3-кадам. Айыптоочу Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмун жана анын төрагасын экстремисттик адабияттарды таратып жатат деп айыптап, административдик укук бузулганда төлөнчү айып пулду төлөөгө милдеттендирет.

    Райондук сот жергиликтүү диний уюмдун төрагасын күнөөлүү деп таап, ага 4 000 рубль (66,88 АКШ доллары) айып пул салган.

  4. 4-кадам. Айыптоочу жергиликтүү диний уюмга эскертүү берип, 12 айдын ичинде мындай «мыйзам бузуу» кайталанбашы керектигин айтат.

    Айыптоочу «экстремизмге жаткан иштерди» кылууга тыюу салынганын эскерткен.

  5. 5-кадам. Бир нече убакыттан кийин укук коргоо органдарынын кызматкерлери диний жолугушуулар өткөрүлгөн имаратка дагы барып, Жахабанын Күбөлөрү чыгарган, тыюу салынган адабияттарды таштап кетишет да, тинтүү маалында аларды кайра «таап алышат».

    Укук коргоо органдарынын кызматкерлери диний жолугушууну токтотуп, «экстремисттик материалдарды» табуу максатында имаратты тинтишкен. Ошол күнү Жахабанын Күбөлөрү жолугушуу башталганга чейин укук коргоо органдарынын кызматкерлери таштап кеткен адабияттарды таап алып, жок кылышкан. Ал жолкусунда кызматкерлердин ойлогону оңунан чыккан эмес. Бул окуя 2015-жылдын октябрында болгон. Ал эми 2016-жылдын 21-январында алар аябай даярданып келишкен. Атайын бөлүктүн аскерлери, полиция жана Федералдык коопсуздук кызматынын кызматкерлери Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушуусун дагы бир жолу токтотуп, «экстремисттик материалдарды» табуу максатында имаратты тинтишерин айтышкан. Залдагы бир Жахабанын Күбөсү ошол кызматкерлердин биринин бир таңгак адабият көтөрүп киргенин көргөн. Бир полиция кызматкери ага чейин текшерилген жерди эч кандай күбөсүз дагы бир жолу текшерип, жанагы бир таңгак адабиятты «таап алган».

  6. 6-кадам. «Экстремисттик ишке» кирет деп эсептелген ушундай жаңы далилдердин негизинде прокуратура же Юстиция министрлиги жергиликтүү диний уюмду жоюуну суранып, сотко доо арыз менен кайрылат.

    Райондук сот жергиликтүү диний уюмдун төрагасын административдик укук бузууга жаткан ишти кылды деп айыптап, 3 000 рубль (50,16 АКШ доллары) айып пул төлөөгө милдеттендирген. 2016-жылдын 3-октябрында облустук сот «жергиликтүү диний уюмдун экстремисттик иштерди кылып жатканын көрсөткөн „жаңы далилдердин“ табылганын» айтып, Биробижандагы жергиликтүү диний уюмдун жүргүзгөн ишине тыюу салып, аны жоюуга буйрук берген.

Акыркы кадамында Орусия Федерациясынын Жогорку Соту «экстремисттик уюмдар» деп табылган Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү диний уюмдарынын жоюлушуна байланыштуу чечимдерди колдогон. Мындай чечимдер Белгород, Старый Оскол, Элиста жана Орёлдогу жергиликтүү диний уюмдардын иши каралганда чыгарылган. Биробижандагы жергиликтүү диний уюмга байланыштуу маселе боюнча доо арыз менен Жогорку Сотко кайрылган Жахабанын Күбөлөрү учурда иштин каралышын күтүүдө.

Бул эмнени билдирет? Аягы качан бүтөт?

Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборунун өкүлү Василий Калин үй-бүлөсүнүн туткан дини үчүн куугунтукталып, Сибирге сүргүнгө айдалган кезин эскерип мындай дейт: «Мен бала кезде бийликтегилер диний мазмундагы адабияттарды табуу максатында Жахабанын Күбөлөрүнүн үйлөрүнө эскертпей эле кирип келишчү. Бирок кийин таап алыш үчүн адабияттарды таштап коюш алардын оюна да келчү эмес. Орусия өкмөтүнүн укук коргоо органдарынын бул жаңы ыкмасы Жахабанын Күбөлөрүн мыйзамсыз иш жүргүзүп жатат деп айыптоого эч кандай далил таппай жатышканын көрсөтүп турат».

2017-жылдын 16-январында Москва шаардык сотунда Жахабанын Күбөлөрүнүн иши каралат. Алар башкы прокуратуранын берген эскертүүсүнүн мыйзамга каршы келерин далилдөөгө аракет кылышат. Чечим ошол эле күнү чыгарылат деп күтүлүүдө. Сот башкы прокуратуранын Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун экстремисттик иштерди кылып жатат деген айыбын негизсиз деп таап, эскертүүнү жокко чыгарабы? Жахабанын Күбөлөрү, ошондой эле Орусиядагы жана дүйнө жүзүндөгү адамдардын укугунун тебеленбешине кайдыгер карабагандардын баары Соттун туура чечим чыгарарына үмүттөнүүдө.

a Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун чечиминен кийин Жахабанын Күбөлөрүнө каршы катаал чаралар көрүлө баштаган. 2009-жылдын 8-декабрынан 2012-жылдын 26-апрелине чейин болгон 1 126 окуя тууралуу билдирүүлөргө ылайык,диний иштерин аткарып жүргөн Жахабанын Күбөлөрүнө кол салынган, аларды полиция участогуна алып кеткен, Падышалык залдарын, үйлөрүн тинткен учурлар болгон. Ал эми диний жолугушуулары өткөрүлгөн имараттарын кас маанайдагы кишилер бүлдүрүшкөн.

b Бийликтегилер Москва шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салыш үчүн аларга каршы кылмыш ишин жана административдик иш козгоого 1995-жылдан бери эле аракет кылып келишкен. Бирок эч кандай далилдер жок болгондуктан, көздөгөн максатына жетишкен эмес. Ал эми 2004-жылдын март айында Головинск райондук соту Жахабанын Күбөлөрүнүн Москвадагы юридикалык жагын жоюп, ишине тыюу салыш үчүн «эксперттердин чыгарган жыйынтыгын» колдонгон. 2010-жылдын 10-июнунда Адам укуктары боюнча Европа Соту Орусия Федерациясы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний жолугушууларды өткөрүү жана диний ишеними менен бөлүшүү укугун мыйзамсыз түрдө чектегенин баса белгилеп, өкмөттү ошол чечимдин кесепеттерин жоюуга милдеттендирген.