Мазмунун көрсөтүү

14-ОКТЯБРЬ, 2016-ЖЫЛ
ОРУСИЯ

Орусия соту Жахабанын Күбөлөрүнүн доо-арызын кароодон баш тартты

Орусия соту Жахабанын Күбөлөрүнүн доо-арызын кароодон баш тартты

2016-жылы 12-октябрда Москва шаарынын Тверь райондук соту Башкы прокурордун Жахабанын Күбөлөрүнүн (Санкт-Петербургдун жанында жайгашкан) Башкаруу борборуна берген эскертүүсүнүн мыйзамдуу эмес экенине байланыштуу доо-арызды кароодон баш тартты. 2016-жылдын 2-мартында берилген ал эскертүүдө Жахабанын Күбөлөрүнүн Башкаруу борбору эмес, айрым жергиликтүү диний уюмдары «экстремисттик иш-чараларга» катышкан деп айтылган. Башкаруу борбору Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иштерин жетектегендиктен, «экстремисттик иш-чараларга» анын да катыштыгы бар деген айып коюлган. Чын-чынында, жергиликтүү бийликтин жетеги менен жасалган бул иш жалган далилдерге жана жалган ырастоолорго негизделет. Сот Башкаруу борборунун өкүлдөрүнө Жахабанын Күбөлөрүнүн жыйналыштары өткөрүлгөн жерлерге кимдир бирөөлөрдүн экстремисттик деп аталган адабияттарды таштап кеткенин далилдеп бере ала турган күбөлөрдү сотко чакырууга, видеотасмаларды көрсөтүүгө уруксат берген эмес.

Бул чечимге кошулбаган Жахабанын Күбөлөрү Москва шаардык сотуна доо-арыз менен кайрылышат. Эгер сот аларга каршы чечим чыгарса, Башкы прокурордун эскертүүсүнө байланыштуу чечим күчүнө кирет. Бул бүтүндөй Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигине коркунуч туудурат. «Экстремисттик иш-чараларга» катыштыгы бар деген дагы жалган далилдерди табышса, Башкы прокурор Жахабанын Күбөлөрүнүн Башкаруу борборун жаап салууну суранып, сотко кайрыла алат.