Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 2-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Орёл облустук соту Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу доо арызды карайт

Орёл облустук соту Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу доо арызды карайт

Акыркы маалымат: 2017-жылдын 7-июнунда боло турган сот отуруму белгисиз убакытка жылдырылды.

2017-жылдын 7-июнунда 14:00дө Орёл облустук соту Даниянын жараны болгон Деннис Кристенсендин ишине байланыштуу доо арызды карайт. Райондук сот Деннис Кристенсен соттун чечими чыкканга чейин абакта отурсун деген чечим чыгарган. Кристенсен мырза Жахабанын Күбөлөрүнүн Орёл шаарындагы жыйналышында аксакал болуп кызмат кылат. 2017-жылдын 25-майында полиция кызматкерлери иш күндөрү өткөн жыйналыш жолугушуусу маалында кирип келип текшерүү ишин жүргүзгөндө, ал камакка алынган.

Орусия өкмөтүнүн узак убакыттан бери Жахабанын Күбөлөрүнүн дин тутуу эркиндигин бузуп келгенинин кесепетинде 2016-жылдын июнь айында Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жергиликтүү уюмуна «экстремисттик иштер менен алек болгон уюм» деген айып коюлуп, жоюлган. Жогорку Сот Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жана жергиликтүү диний уюмдарын жойгон. Ошо себептен Федералдык коопсуздук кызматы Кудайга сыйынуу үчүн чогулган Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүн «экстремисттик» иштерди кылганын улантып жатышат деп айыптоодо.

Федералдык коопсуздук кызматы Кристенсен мырза Орёл шаарындагы Жахабанын Күбөлөрүнүн жоюлган жергиликтүү диний уюмунун мүчөсү деп ырастагандыктан, ага каршы кылмыш иши козголгон. Бирок Кристенсен мырза ал жергиликтүү уюмдун мүчөсү болгон эмес. Ал чет өлкөнүн жараны болгондуктан, айыптоочунун далилдер топтолгончо өз өлкөсүнө качып кетиши мүмкүн деген ырастоосуна ылайык, Кристенсен мырза 2017-жылдын 23-июнуна чейин тергөө камак жайында отурууга тийиш.

Жахабанын Күбөлөрү Кристенсен мырзанын тергөө камак жайында отурушуна макул эместигин билдирген доо арыз менен кайрылгандан тышкары, эл аралык сотторго да арыз менен дагы бир ирет кайрылууда. Жогорку Соттун чечиминен кийин Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн көбү коомчулуктун жаман мамилесине дуушар болуп, бийликтегилер көргөн иш-чаралардын кесепетин тартууда.