Мазмунун көрсөтүү

2017-ЖЫЛ, 2-АВГУСТ
ОРУСИЯ

Дүйнө жүзү Орусиянын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарган чечимине пикирин билдирүүдө

Дүйнө жүзү Орусиянын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнө каршы чыгарган чечимине пикирин билдирүүдө

Орусиянын Жогорку Соту Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иш-аракетин кылмыштуу деп тапкандан кийин, дүйнө жүзүндөгү уюмдар, бийлик өкүлдөрү өз пикирин билдиришти. Алардын айткандарынан диний иш-аракетин тынчтыкта өткөрүп жаткан диний азчылыкка Орусия өкмөтүнүн ушунчалык адилетсиз, өтө эле катуу чара көргөнүн туура көрүшпөгөнү айкын көрүнүп турат.

Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун үч соттон турган апелляциялык палатасы 2017-жылдын 17-июлунда Жогорку Соттун 20-апрелинде чыгарган чечимин күчүндө калтырды. Ал чечимге ылайык, «Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борбору жана анын курамына кирген жергиликтүү диний уюмдар жоюлуп, алардын бардык мүлкү Орусия Федерациясынын ээлигине өтүшү керек». Соттун бул чечими Жахабанын Күбөлөрүнүн диний иш-аракетине бүтүндөй өлкө боюнча тыюу салды.

Апелляциялык палатанын 2017-жылдын 17-июлунда чыгарган чечиминен кийин айтылган пикирлер

Төмөндө 2017-жылдын 17-июлунда Орусиянын Жогорку Сотунун апелляциялык палатасынын 20-апрелде чыгарылган чечимди күчүндө калтырганына байланыштуу пикирлерден үзүндүлөр келтирилет.

«Биз Орусиянын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнүн „экстремисттер“ деп айыпталып жатканына каршы доо арызын канааттандыруусуз калтырганына катуу тынчсызданып жатабыз. Бул чечим Орусиянын тынчтыкты сүйгөн 175 000 жаранын туткан дини үчүн кылмышкер деп таап, Орусиянын Конституциясы кепил кылган дин тутуу эркиндигине болгон укукту тебелеп жатат». (Лорд Ахмед Уимблдон, Адам укуктары боюнча министр, Тышкы иштер жана Шериктештик иштери боюнча бюросу, Улуу Британия. https://www.gov.uk/government/news/minister-for-human-rights-statement-on-russian-supreme-court-ruling)

«Орусиянын Жогорку Сотунун Жахабанын Күбөлөрүнө карата ушул жумада чыгарган чечими Орусиядагы диний азчылыктарды куугунтуктоонун тынчсыздандырган дагы бир кадамы болду. Биз Орусия өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракетине салынган тыюуну жоюуга, Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун жапкан чечимди кайра карап чыгууга чакырабыз. Ошондой эле диний азчылыктын мүчөлөрүнүн экстремисттик иш-аракет менен алектенген деген жалган жалаа менен камакка алынгандарын боштондукка чыгарууга үндөйбүз». (Хизер Нойерт, АКШнын мамлекеттик департаментинин пресс-катчысы. https://www.state.gov/r/pa/prs/ps/2017/07/272679.htm)

«Орусия Федерациясынын Конституциясы, ошондой эле Орусия өкмөтү кол койгон милдеттенмелер менен адам укуктары боюнча эл аралык жоболор кепил кылгандай, Жахабанын Күбөлөрү, башка диндердин өкүлдөрүндөй эле, эч тоскоолдуксуз тынчтыкта чогулуп туруу укугуна ээ болушу керек». (Европа Бирлигинин тышкы иштер кызматынын өкүлү. https://eeas.europa.eu/headquarters/headquarters-homepage/30022/statement-spokesperson-upheld-ban-activities-jehovahs-witnesses-russia_en)

«Жогорку Соттун чечими бийлик өкүлдөрүнүн дин тутуу эркиндигин экстремизмге теңеп жаткандыгын көрсөтүп жатат, бул кайгыртпай койбойт. Жахабанын Күбөлөрү экстремисттер эмес, алар өздөрүнүн динин эркин, ачык жана бийлик тарабынан куугунтукка алынбай тута алгыдай болушу керек». (Дэниель Марк, АКШнын эл аралык дин тутуу эркиндиги боюнча комиссиянын төрагасы. http://www.uscirf.gov/news-room/press-releases/russia-jehovah-s-witnesses-banned-after-supreme-court-rejects-appeals)

«Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн ишине тыюу салган чечимдин күчүндө калтырылганына абдан кабатыр болуп жатам. Ар кайсы даражадагы бийлик өкүлдөрүнө кайрылганыбызга карабай, тынчтыкта дин тутуу жана ой эркиндигине байланыштуу укук кылмыш ишине жатып калды». (Гернот Эрлер, Орусия, Борбордук Азия жана Чыгыш шериктештигинин тармак аралык кызматташтыгынын координатору, Германиянын тышкы иштер министрлиги. http://www.auswaertiges-amt.de/sid_5DAC942B7DE50BCC4AFCDFC864C2E383/EN/Infoservice/Presse/Meldungen/2017/170719-Ko_RUS-Zeugen_Jehovas.html)

«Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракетине бүтүндөй өлкө боюнча тыюу салган, адилетсиз чечими Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 18-беренесинде кепил кылынган дин тутуу эркиндигин тебелеп жатат... Ниети таза башка диндердин өкүлдөрүнүн баары, ошондой эле ой эркиндигине байланышкан укукту сыйлагандардын баары Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн тарабын ээлеши керек». (Катрина Лантос Свитт, Лантос фондунун президенти. https://www.lantosfoundation.org/news/2017/7/17/lantos-foundation-condemns-russias-outrageous-decision-to-ban-jehovahs-witnesses)

Жогорку Соттун 2017-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечиминен кийин айтылган пикирлер

Апелляциялык палатанын чечимине чейин бир топ мамлекеттик уюмдар менен бийлик өкүлдөрү Орусиянын Жогорку Сотунун 2017-жылдын 20-апрелинде чыгарган чечимин сынга алды.

«Мен президент Владимир Путинден азчылыктардын, алардын ичинде Жахабанын Күбөлөрүнүн укуктары корголушу үчүн кийлигишүүсүн өтүндүм». (Канцлер Ангела Меркель, Президент Путин менен чогуу өткөрүлгөн пресс-конференцияда айтылган сөзү. http://uk.reuters.com/article/uk-russia-germany-putin-syria-idUKKBN17Y1JZ)

«Жакын арада Жогорку Сот тарабынан Жахабанын Күбөлөрүнүн Орусия Федерациясындагы административдик борбору жана алар колдонгон 395 жергиликтүү диний уюму экстремисттик деп табылып, жабылды. Бул Орусияда дин тутуу эркиндигине карата олуттуу суроолорду туудуруп, экстремизмге каршы мыйзамдын ойду эркин билдирүү жана башкалар менен чогулуу укугуна байланыштуу туура эмес колдонулуп жатканын далилдеп турат». (Теодор Бакояннис жана Лилиан Мори Паскье, Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясынын Орусия Федерациясына көзөмөл кылган комитетинин баяндамачылары. http://assembly.coe.int/nw/xml/News/News-View-EN.asp?newsid=6599)

«Орусия өкмөтүнүн бул жолкусунда дин тутуу эркиндигин сыйлабаганы Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Москвада кабыл алынган милдеттенмелерин аткаруудан одоно түрдө баш тартканын көрсөтүп турат. Кудайга тынчтыкта сыйынган адамдар эч качан куугунтукталбашы, айып пул төлөбөшү, камакка алынбашы керек. Соттун Жахабанын Күбөлөрүнө таандык мүлктүн баарын тартып алууну буйрук кылганы андан бетер адилетсиз иш болду. Бул иш боюнча Адам укуктары боюнча Европа Сотуна даттануу тапшырылат деп үмүттөнөм». (Сенатор Роджер Уикер, Европадагы коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун төрагасы. http://csce.emailnewsletter.us/mail/util.cfm?gpiv=2100141660.2454.614)

«Кече күнү Орусия Федерациясынын Жогорку Сотунун Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн административдик борборун экстремисттик иш-аракеттерди жүргүзүп жатат деген айып менен жабышы Жахабанын Күбөлөрүн Кудайга сыйынышканы үчүн эле кылмышкер катары куугунтуктоого жол ачат. Орусия Федерациясынын Конституциясы, ошондой эле Орусия өкмөтү кол койгон милдеттенмелер менен адам укуктары боюнча эл аралык жоболор кепил кылгандай, Жахабанын Күбөлөрү, башка диндердин өкүлдөрүндөй эле, эч тоскоолдуксуз тынчтыкта чогулуп туруу укугуна ээ болушу керек». (Европа Бирлигинин тышкы иштер кызматынын өкүлү. https://eeas.europa.eu/headquarters/headquarters-homepage/24870/statement-ban-activities-jeho)

«Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракети Орусияда негизсиз эле кылмыштуу деп эсептелип калганына жана алардын жамааттарынын жоюлуп калганына абдан кабатыр болуп жатам. Жогорку Соттун бул чечими демократиясы, эркиндиги, ачыктыгы, ар кайсы ой пикирлерге жол бергендиги жана толеранттуулугу менен айырмаланган коом жетектелген баалуулуктар менен принциптерге сокку уруп жатат». (Михаэль Георг Линк, ЕККУнун демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун деректири. http://www.osce.org/odihr/313561)

«Бул тыюу салуунун негизинде адамдарды жөн эле Кудайга тынчтыкта сыйынганы үчүн куугунтуктоо негизги укуктардын бири болгон дин тутуу эркиндигин, адам укуктарына байланыштуу эл аралык жоболорду, ошондой эле Орусия Федерациясынын Конституциясы кепил кылган укуктарды бузгандыкка жатат. Ошон үчүн бул чечим мүмкүн болушунча эртерээк кайра каралышы керек». (Ингеборг Габриэль, ЕККУнун расизм, ксенофобия, кодулоо менен күрөшүү боюнча бюросунун төрагасынын өкүлү. http://www.osce.org/odihr/313561)

«Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп жарыялаган Орусиянын Жогорку Сотунун чечими жөнүндө билгенде аябай жаман болдум. Бул чечимдин негизинде Орусиянын 175 000 жараны Кудайга сыйынганы үчүн кылмышкерлер деп эсептелип калууда жана Орусия Федерациясынын Конституциясы кепил кылган дин тутуу эркиндиги бузулууда. Улуу Британия Орусия өкмөтүн бул негизги эркиндикке байланышкан эл аралык милдеттенмелерди аткарууга чакырат». (Баронесса Джойс Энелэй, Шериктештик иштери боюнча мурунку министри, БУУнун Тышкы иштер жана Шериктештик иштери боюнча бюросу. https://www.gov.uk/government/news/minister-for-human-rights-criticises-russian-supreme-court-ruling-for-labelling-jehovahs-witnesses-as-extremist)

Орусиянын Жогорку Сотунун чечими эл аралык сынга алынууда

2017-жылдын 20-июлунда ЕККУнун парламенттик кеңеши Европа Бирлигинин пикирине кошулду. Ал Орусия өкмөтүн Жахабанын Күбөлөрүнө «эл аралык милдеттенмелер, адам укуктарына байланыштуу эл аралык жоболор, ошондой эле Орусия Федерациясынын Конституциясы кепил кылгандай, эч тоскоолдуксуз эркин чогулуп турууга мүмкүндүк берүүгө» чакырды. Бул пикирди Венага чогулган Европа Бирлигине кирген 28 өлкөнүн баары бир добуштан колдоду. Андан сырткары, аны Европа Бирлигине мүчө болбогон Австралия, Канада, Норвегия сыяктуу өлкөлөр да туура көрдү. (https://eeas.europa.eu/sites/eeas/files/pc_1155_eu_jehovahs_witnesses_in_russia.pdf)

Дүйнө жүзүндөгү Жахабанын Күбөлөрү Орусиянын Жогорку Сотунун Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн иш-аракетине адилетсиз түрдө тыюу салганына аябай тынчсызданып жатышат. Эл аралык уюмдар менен бийлик өкүлдөрү Орусия өкмөтүнүн Жахабанын Күбөлөрүн экстремисттер деп жарыялаганына жана дин тутуу эркиндигин коргогон өзүнүн Конституциясы менен эл аралык милдеттенмелерди баркка албай койгонуна нааразычылыгын билдирип жатышат. Бул иш Адам укуктары боюнча Европа Сотунда каралып, бүтүндөй өлкө боюнча салынган тыюу алынып салынат деп үмүттөнөбүз.