2018-ЖЫЛ, 3-МАЙ
ОРУСИЯ
Жахабанын Күбөлөрүнүн доо арызы канааттандырылбагандыктан, Орусия өкмөтүнө мурунку филиалдын мүлкүн тартып алууга жол ачылды
2018-жылдын 3-майында, бейшемби күнү, Санкт-Петербург шаардык соту 2017-жылдын декабрында чыгарылган, Орусия өкмөтүнө Орусиядагы Жахабанын Күбөлөрүнүн Солнечноеде жайгашкан мурунку филиалына таандык имараттарды дароо тартып алууга жол ачкан мурунку чечимди күчүндө калтырды.
Орусия өкмөтүнүн мүлкүбүздү тартып алышына бөгөт коё албасак да, соттун бүгүнкү чечими учурда Адам укуктары боюнча Европа Соту (АУЕС) карап жаткан доо арызыбыздын бир бөлүгүнө кирет. АУЕС Орусия өкмөтү менен байланышып, биздин доо арызыбыз биринчи кезекте чечилиш керек болгон маселе катары каралып жатканын билдирди.
Биз адилеттүү Кудайыбыз Жахабанын өзү туура көргөн убакта адилеттүүлүктү орноторун чыдамсыздык менен күтүүдөбүз (Ышая 30:18).