Мазмунун көрсөтүү

2018-ЖЫЛ, 15-ИЮНЬ
ОРУСИЯ

Орусия Жахабанын Күбөлөрүнүн мурунку филиалынын мүлкүн тартып алды

Орусия Жахабанын Күбөлөрүнүн мурунку филиалынын мүлкүн тартып алды

2018-жылдын 3-майында Санкт-Петербург шаардык соту 2017-жылдын декабрында чыгарылган чечимди күчүндө калтырып, Орусия өкмөтүнө Орусиянын Солнечное деген жеринде жайгашкан мурунку филиалыбыздын имараттарын дароо тартып алышына жол берди. Журналист, диний эксперт жана Жахабанын Күбөсү болгон эки жактоочу бул мыйзамдаштырылган адилетсиздик жөнүндө Апелляциялык сот отурумуна чейин айтып беришкен. Куруу ишине катышкан жубайлар да бул филиалдын алар үчүн кандай мааниге ээ экени тууралуу бөлүшөт.